Балдарга карата зомбулук боюнча ЮНИСЕФтин жана БУУ АУЖКБнын билдирүүсү

02 Июнь 2022

ЮНИСЕФ жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы (АУЖКБ) мугалимден кордук көргөн окуучунун окуясына карата Кыргызстандын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын ыкчам реакциясын жогору баалайт.

Балдарга карата зордук-зомбулукту эч нерсе менен актоого болбойт жана мындай окуялардын алдын алууга болот. Кыргызстанда балдардын көбү үйдө, мектепте жана коомдук чөйрөдө зомбулуктун тигил же бул түрүнө кабылышат. ЮНИСЕФ жана АУЖКБ балдарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн айыптайт жана коомду балдарды ушундай окуялардан коргоп калууга үндөйт. Кыргызстандагы балдар өздөрүнүн дараметин толук колдоно алышы үчүн зордук-зомбулуксуз жана жагымдуу коопсуз чөйрөгө муктаж. Бул ошондой эле Кыйноолорго каршы Конвенцияга жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге же жазалоого каршы документтерге, 2021-2026-жылдарга Өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык өкмөттүн милдети болуп саналат. Өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык “Кыргыз Республикасынын ар бир жараны зордуктан жана басмырлоодон, коркунучтардан жана зомбулуктан корголууга тийиш. Адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдигин камсыз кылуу – мамлекеттин конституциялык милдети”.

Мектептер коопсуз мейкиндик болууга тийиш. Бул мектепте иштеген мугалимдер, социалдык педагогдор, директорлор жана башка бардык улуу адамдар окуу жайдын аймагында жүргөн ар бир баланын корголушу жана коопсуздугу үчүн жооптуу болгонун билдирет. Мындай жоопкерчиликти алган улуу адамдар эч качан балага зомбулук көрсөтпөшү керек.

ЮНИСЕФ жана АУЖКБ ар кандай түрдөгү билим берүү мекемелеринде балдарга карата таш боор мамиле жасалган учурларды талаптагыдай териштирип, зомбулукка тиешеси бар адамдарга чара көрүүгө үндөйт.

ЮНИСЕФ жана АУЖКБ ошондой эле балдардын жеке жашоого болгон укугун урматтоого, балдарды зордук-зомбулуктун же катаал мамиленин курмандыгы катары көрсөткөн материалдардын Интернетте таралышына жол бербөөгө чакырып, мунун баары ошол балдарга зыянын тийгизиши мүмкүн экенин белгилейт. Мындай материалдар балдарга каршы кылмыштарды териштирүүгө жардам берүү максатында тиешелүү органдарга гана берилиши керек.

Биз өкмөттү Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пактыда, Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияда жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген балдардын билим алууга болгон укугун бузушу ыктымал бардык чаралардан карманууга чакырабыз.

Биз балдарга карата зомбулуктун алдын алып, мындай окуяларды териштирүү үчүн жооптуу бардык органдарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин жана Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу органын балдарды коргоо үчүн мындан ары дагы зарыл болгон чараларды көрө берүүгө үндөйбүз.

ЮНИСЕФ жана АУЖКБ Балдардын укуктары жөнүндө Конвенцияга катышкан мамлекет катары Кыргызстандын өкмөтүнө балдардын укуктарын сүрөөдө жана коргоодо колдоо көрсөтүүнү уланта берет.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.