Бишкекте Кыргызстандагы “жашыруун ачкалык” тууралуу көчмө фотокөргөзмө ачылат

30 Март 2018
Фотография победителя конкурса
Эркин Болжуров

БИШКЕК, 2018-жылдын 30-марты – Республикалык илимий медициналык китепканада (КР Саламаттык сактоо министрлиги) “Аз кандуулуктан эркин Кыргызстан” фотоконкурсунун жыйынтыктары жарыяланат. Андан соң ушундай эле аталыштагы көчмө фотокөргөзмөнүн расмий ачылышы өтөт.

Фотосынакты өткөн жылдын ноябрь айында Тамактанууну жакшыртуу жана азык-түлүк коопсуздугу үчүн Жарандык альянс баштаган. Бул конкурс БУУнун КРдагы Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу, 24.kg агенттигинин маалыматтык өнөктөштүгү менен өткөн. Фотоконкурс карапайым адамдар үчүн татаал болгон аз кандуулук темасына кесипкөй, ошондой эле үйрөнчүк сүрөтчүлөрдүн концептуалдык сүрөттөрүн чогултуу максатын көздөдү. Сүрөттөр эки ай бою кезек-кезеги менен Парламентте, мамлекеттик органдарда илинет. Бул демилге аз кандуулук, туура эмес тамактануу жана анын кесепеттери көйгөйүнө аткаминерлердин көңүлүн бурдуруу максатын көздөйт. Көргөзмөнүн ачылышынан кийин тегерек стол талкуусу өтүп, анда түрдүү тармактардын адистери жашыруун ачкалыкты жок кылуу үчүн кандай иштер жасалып жатканын талкуулашат.

Кадыресе же ашыкча салмагы бар (толук) адамдарда витаминдердин жана минералдык заттардын жетишсиздиги көз карашынан алганда толук эмес тамактануу жашыруун ачкалык деп аталат. Ал адатта көзгө көрүнбөгөн белгилери бар жана андан жапа чеккен адамдар керектүү заттардын жетишсиздиги жана мунун ден соолук үчүн терс кесепеттери тууралуу билбегени өзгөчө кооптуу болуп саналат. Дал ошондуктан аз кандуулук жана балансталбаган тамактануу калк үчүн да, аткаминерлер үчүн да көзгө урунбаган көйгөй бойдон кала берүүдө.

Кыргызстанда аз кандуулук коркунучуна өзгөчө аялдар жана балдар көбүрөөк кабылган. Бала төрөчү курактагы аялдардын 35% жана беш жашка толо элек балдардын 43% аз кандуулуктан жапа чегүүдө. Алар өзгөчө колдоого жана камкордукка муктаж. Унду байытуу, фолий кычкылдыгын ичүү, туура тамактануу, жакырчылык менен күрөшүү, айыл чарбасын өнүктүрүү, жоопкерчиликтүү бизнес жана калктын маалыматка ээ болуусу – мунун баары аз кандуулук менен күрөшүүгө жардам берет.

 

ЖМК менен байланыш жолдору

Вероника Ващенко
Коммуникациялар боюнча бөлүмдүн башчысы
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Телефон: +996 777 919 142
Электрондук почта: vvashchenko@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу:


БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана биздин ишибиз тууралуу кошумча маалыматты https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан, FacebookInstagram жана Twitter  социалдык тармактарынан таба аласыз.