Ала качуу жана жашы жете элек өспүрүм кыздарды турмушка чыгууга мажбурлоо тууралуу БУУнун билдирүүсү

БУУнун-ала-качуу-боюнча-билдируусу

31 Май 2018
UN logo
UN

БИШКЕК, 2018-жылдын 31-майы – Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун системасы жалпы маалымат каражаттарында чагылдырылган ала качууга дуушар болгон кызды өлтүрүү боюнча кылмыш тууралуу тынчсыздануусун билдирет.

Акыркы ачык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда турмушка чыгууда 24 жашка жете элек кыздардын 13.8 пайызы мажбурлоонун кайсы бир түрүнө дуушар болгон. Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюму бул мыйзамсыз иш-аракеттерди түп-тамыры менен жок кылууну Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен 2022-жылга чейин коюлган келишимдерге ылайык приоритет катары колдоого бекем турат.

Жаш балдар менен жана/же мажбурлоо менен турмуш куруу бул адам укуктарынын фундаменталдуу түрдө бузулушу жана ага дуушар болгон жеке адамдар гана эле эмес, жалпы коомдун сак-саламаттыгына терең терс таасирин тийгизет. Кыз ала качуу же мажбурлоо менен никеге тургузуу Кыргызстандын маданиятына жана каада-салттарына эч кандай тийешеси жок жана калктын аярлуу тобунун укугун бузат.     

Кыргызстан жашы жете электер менен никеге турууну мыйзамсыз деп аныктаган мыйзам негизин бекемдөө үчүн маанилүү кадамдарды жасады. Бирок бул көрүнүштүн алдын алуу жана кыздарды ала качкандарды кылмыш жообуна тартуу, ошондой эле жапа чеккендердин саламаттыгын камсыздоо боюнча көп чаралар көрүлүшү зарыл.  

Кыргызстандагы БУУ агенттиктери Кыргызстандын тийиштүү органдарын бул сыяктуу көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн өлкө мыйзамдарына жана кол койгон эл аралык келишимдерге ылайык бардык тийиштүү чараларды көрүүгө  чакырат. 

ЖМК менен байланыш жолдору

Вероника Ващенко
Коммуникациялар боюнча бөлүмдүн башчысы
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Телефон: +996 777 919 142
Электрондук почта: vvashchenko@unicef.org

О ЮНИСЕФ

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.