Giga долбоору жетүүгө оңой болбогон аймактардагы балдарды бириктирүүдө
Зардалы айылы Борбор Азиядагы Кыргызстандын бийик, эң тоолуу районунда орун алган. Жыл сайын кыш мезгилинде нөшөрлөп жааган кар айылга жеткирген жалгыз жолду басып калганда Зардалынын 200 тургуну тыш дүйнөдөн кабар ала албай, обочодо кала беришет.
Зардалы айылы Борбор Азиядагы Кыргызстандын бийик, эң тоолуу районунда орун алган. Жыл сайын кыш мезгилинде нөшөрлөп жааган кар айылга жеткирген жалгыз жолду басып калганда Зардалынын 200 тургуну тыш дүйнөдөн кабар ала албай, толугу менен обочодо кала беришет.
Бул жерден миңдеген чакырым алыстыктагы Кениянын жээгиндеги Киваю аралы да жыл бою обочолонгон абалда күн көрөт. Жакынкы убакка чейин Киваюнун жашоочулары байланышка жетүү үчүн моторлуу кайыкка отуруп алып, бир жарым сааттык жолду басып, материкке барууга аргасыз болушкан.
Цивилизациядан алыс, дүйнөнүн ар кайсы бөлүгүндө орун алган бул аймактарда жергиликтүү мектеп окуучуларынын көйгөйлөрү окшош: Интернеттин жоктугу алардын сабактагы жетишкендиктерине, окуудагы жакшы жыйынтыктарына жана билим алуусуна таасирин тийгизүүдө. Байланыштын жоктугу маалымат алууну, мүмкүнчүлүктөрдү жана тандоо жасоо аракеттерин чектейт. Дүйнө жүзү боюнча жогорку сапаттагы Интернетке жеткиликтүүлүктүн жоктугунан улам окуусунда кыйынчылыктарга туш болгон 1.3 миллиарддан ашык баланын катарына мына ушул эки жамааттын окуучулары да киришет.
Дүйнө жүзүндөгү мектептердин жарымына жакыны Интернетке кошулганына карабастан, бул санариптик изоляция эң аз камсыз болгон балдарга, кыздарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга өзгөчө таасирин тийгизүүдө. Интернет байланышынын жоктугунан улам окуучулар онлайн билим берүү ресурстарын пайдалана албай жатышат, алар аралыктан билим алуу, ошондой эле санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып алышууда.
Ушул тапта Giga, ЭЭБС (Эл аралык электр байланыш союзунун) жана ЮНИСЕФтин ар бир мектепти Интернетке кошуу боюнча биргелешкен демилгеси 19 өлкөдө ишке ашырылып жатат. Бул долбоор санариптик ажырымды жоюп, Интернетке жете албай жаткан жаштарды байланышка кошуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатын көздөйт. Азыркы учурда Giga долбоорунун алкагында 5 300дөн ашык мектеп Интернетке кошулду. Аталган долбоор 2 миллиондон ашык окуучуга, анын ичинде Зардалыдагы жана Киваю аралындагы окуучуларга санариптик билим алууга мүмкүнчүлүк берди.
2022-жылы Giga долбоорунун алкагында Зардалы айылын жана жергиликтүү мектепти Интернетке кошуу максатында “Интернет коомунун Кыргыз бөлүмүндөгү” инженерлер абдан морт жабдууларды жетүүгө оңой болбогон жолдордон үч күн бою ташып отуруп айылга жеткиришкен.
“Санариптик чечимдер билим берүүнүн сапатын жакшыртууга олуттуу салым кошуп, окуучулардын жетишкендиктерине оң таасирин тийгизет деген ишенимдемин. Кыргызстандын аймагынын 90 пайыздан ашыгын тоолор түзөт. Ошондуктан, өлкөдөгү бардык мектептерди, анын ичинде эң алыскы аймактардагы мектептерди Интернетке кошуу эң оор маселе болуп келген. ЮНИСЕФ жана ЭЭБС катышкан Giga демилгесин ишке ашыруунун натыйжасында азыр мектептердин 99% Интернетке кошулду. Биз бул көрсөткүчтү 100 пайызга жеткирүүгө аракет кылып жатабыз. Бул иштер Кыргызстанда 1,4 миллиондон ашык окуучунун жашоосуна олуттуу таасирин тийгизет”.
Giga долбоорунун картирлөө боюнча Project Connect платформасынын маалыматына ылайык, ушул тапта Кыргызстанда 2 080 мектептин ичинен 2 061и Интернетке кошулган жана Зардалы сыяктуу жетүүгө оңой болбогон райондордогу мектептердин 1 пайызы гана азырынча байланышсыз кала берүүдө.
Ал арада Giga долбоорунун өнөктөшү болгон Liquid Telecom компаниясы Кенияда 97 мектепти интернетке кошту. Бул тизмеде Киваю аралындагы мектеп да бар. Ошентип 124 окуучу жана 9 мугалим Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып калышты. Бүгүнкү күндө Giga демилгеси Liquid Telecom жана Airtel, Safaricom, Telkom, Nokia, Poa, Maruway өңдүү телекоммуникациялык жана технологиялык компаниялардын жардамы менен Кениядагы 239 мектепти Интернет менен камсыз кылды.
“Пандемиядан улам мектептер жабылганда миллиондогон кениялык балдар окуу үчүн өтө маанилүү жылдардын көп айларын билим албай өткөрүп жиберишкен. Мектептерди Интернетке кошуу менен биз окуучуларга жана мугалимдерге заманбап санариптик контентке жетүү аркылуу окуу тажрыйбасын жакшыртууга жардам беребиз”.
Зардалы же Киваю сыяктуу алыскы аймактарда окуучулардын саны көп болбосо да, Жер шарында өтө көп сандагы окуучулар көңүл сыртында калып жаткан аймактар аз эмес. Алар үчүн Интернетке кошулуп, байланышка жетүү билим алуунун, мүмкүнчүлүктөрдөн колдонуунун бирден-бир жолу.
Giga долбоору миңдеген мектептерди Интернет менен камсыз кылуу үчүн талап кылынган масштабда ишин улантып жаткандыгына карабастан, Кыргызстандын алыскы району жана Кениянын алыскы аралы сыяктуу мисалдар дагы бир нерсени эсибизге салууда: мындан ары да жаңы технологиялар жана жаңы өнөктөштөр менен иштерди уланта беришибиз керек, ар бир бала санариптик келечектин бир бөлүгүнө айланышы үчүн максатыбыз так жана анык болууга тийиш.