Өзгөчө аярлуу балдарды коронавирустун кесепеттеринен коргоо: иш-аракеттердин программасы
Саламаттык сактоо тармагындагы азыркы кризис балдар укуктары жаатындагы кризиске айланып кетпеши үчүн чукул глобалдык координациялык иштер зарыл
Коронавирус (COVID-19) пандемиясы буга чейин адамдардын көбү эч качан көрбөгөндөй масштабга жетти. Вирустун дүйнө жүзү боюнча жайылышы көптөгөн адамдардын өмүрүн алып, бир кыйла адамдарды күнүмдүк кирешесинен куру калтырууда. Азыркы учурда саламаттык сактоо тармагы оор сыноого кабылып, мектептер жабылып, чөнтөгү жука үй-бүлөлөр жашоо үчүн күрөшүп жатышат.
Дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган жамааттардын эч кимисин бул көйгөй кыйгап өткөн жок – өз өмүрүн тобокелге салып, саламаттык сактоо жана социалдык кызматтарда иштегендерден баштап, коомдук саламаттык сактоого байланышкан билдирүүлөр менен бөлүшүүнүн инновациялык ыкмаларын колдонгон жаштарга чейин бул вируска каршы күрөшүп жатышат.
Айрым өлкөлөрдө вирустун жайылышы басаңдаганына карабастан ал келтирген социалдык зыяны өтө чоң болот деп болжолдонууда. Көп жерлерде пандемиянын кесепеттери өзгөчө аярлуу балдарга терс таасирин тийгизиши ыктымал.
Чукул чаралар көрүлбөсө, саламаттык сактоо тармагындагы бул кризис балдар укуктарынын кризисине айланышы ыктымал.
Коомдогу башаламандыктар балдарга – алардын коопсуздугуна, бакубат жашоосуна жана келечегине өтө олуттуу таасирин тийгизүүдө. Муну болтурбоо үчүн чогуу иш алып баруу менен гана миллиондогон кыздарды жана балдарды сактап кала алабыз. Анын ичинде жаңжалдардын айынан үйүн таштап качууга мажбур болгондордун, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын, зордук-зомбулукка кабылган кыздардын ден соолугун, коопсуздугун сактап, билим алуусуна шарт түзүп бере алабыз.
ЮНИСЕФ төмөнкүдөй глобалдык иш-аракеттерге үндөйт:
1. Балдардын ден соолугуна жана тамактануусуна көңүл буруңуз
Өзгөчө жабыркаган жамааттарга коргоочу каражаттарды жеткирип, медициналык кызматкерлерди коронавирустун алдын алууга, аныктоого жана дарылоого окутуу жолу менен саламаттык сактоо системасын бекемдөө боюнча эл аралык коомчулуктун жардамы вирус менен күрөштө олуттуу мааниге ээ. Бирок COVID-19 менен ооругандарга караганда вирустун айынан саламаттык сактоо системасына күч келиши көбүрөөк кооптонууну жаратууда.
Жакыр өлкөлөрдө жашаган балдар базалык, бирок өтө зарыл кызмат көрсөтүүлөргө муктаж. Мисалы, балдарды пневмония, безгек жана ич өтүү өңдүү оорулардан коргоочу кызмат көрсөтүүлөр аларга жетпей калуу тобокелдиги жогору. Дары-дармектерди жеткирүү ишинин үзгүлтүккө учурашы балдардын саламаттыгы, тамактануусу жана өнүгүүсү жаатында жакында эле жетишилген ийгиликтерди жокко чыгарып, балдар арасында өлүм санын көбөйтүшү ыктымал. Азык-түлүк программаларынын токтотулушу тоё тамак жебеген балдардын дарыланбай калуусуна алып келет; эмдөө кызматтарынын ишке ашырылбай калышы вакцинасы бар болгон оорулардын күч алышына шарт түзүшү ыктымал.
Саламаттык сактоо системасы кеңейсе да ымыркайлар жана балдар алдын алууга боло турган оорулардан көз жумууда.
ЮНИСЕФ өкмөттөрдү жана өнөктөштөрүн энелердин, ымыркайлардын жана балдардын саламаттыгын коргоо боюнча өтө маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдү колдоп берүүгө үндөйт. Бул демек, мындан ары да COVID-19га байланыштуу күнүмдүк муктаждыктарды канааттандырып, ошол эле маалда балдардын келечеги жана саламаттыгы үчүн азык-түлүк жана эмдөө боюнча программаларды каржылоо өңдүү маанилүү медициналык иш-чараларды өткөрүп туруу зарыл. Биз саламаттык сактоо системасын бекемдеп, узак мөөнөттүү келечекте универсалдуу, жеткиликтүү жана сапаттуу жардамды камсыз кылуу менен COVID-19га каршы тура алабыз.
2. Аярлуу балдарды суу, санитария жана гигиена менен камсыз кылыңыз
Колдорду таза жууп, гигиенаны талаптагыдай сактоо менен өзүңдү жана өзгөнү коргоо буга чейин болуп көрбөгөндөй мааниге ээ болуп турат. Бирок көпчүлүк балдар үчүн негизги санитардык-гигиеналык шарттар ушул күнгө чейин жеткиликтүү эмес.
Айрым балдар таза сууга жете алышпайт. Себеби алар алыскы аймактарда же таза суу чыкпаган жерлерде жашайт. Кээ бир балдарда суу объекттерине жетүү мүмкүнчүлүгү жок. Себеби алардын үйү жок, бул балдар шарт түзүлбөгөн аймактарда же көчөдө эле жашашат.
Дүйнөдөгү калктын болжол менен 40 пайызында үй шартында колду самындап жууганга мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми көп өнүкпөгөн өлкөлөрдө элдин төрттөн үч бөлүгүндө мындай шарттар түзүлгөн эмес. ЮНИСЕФ өкмөттөрдү өзгөчө аярлуу балдарга артыкчылыктуу көңүл бурууга үндөйт. Мүмкүн болушунча көбүрөөк кыздарга жана балдарга суу менен жабдуу, санитария жана гигиена кызматтарын жеткирүү үчүн биз чукул арада каржылык колдоо көрсөтүүгө үндөйбүз.
3. Балдардын окуусун үзгүлтүккө учуратпагыла
Учурда балдардын бир мууну мектепте билим алуусун токтотту.
COVID-19дун жайылышын болтурбоо үчүн мектептер жабылып жаткандыктан, дүйнө жүзүндө ата-энелер, тарбиячылар жана мугалимдер чукул реакция жасап, балдардын окуусун улантууга жол ачкан жаңы ыкмаларды ойлоп табышууда. Бирок бардык эле кыздар-балдарда Интернетке, китептерге же окуу жабдууларына жеткиликтүүлүк бар деп айтууга болбойт. Ал эми буга чейин мектепте тамактанып жүргөн балдар алардын билим алып, өнүгүүсүнө зарыл болгон тамак-аштан куру калды.
Орто мектептердин жабылышы дүйнө жүзүндө окуучулардын 91 пайызынын – 1,57 миллиард баланын билим алуусуна жолду бууду.
Атүгүл буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй, узак мөөнөт мектепке барбаган балдар, өзгөчө кыздар мектептер кайра ачылганда окуусун улантып кетет деген ыктымалдуулук азаят.
Бардык балдарда билим алууга тең жеткиликтүүлүк болушу үчүн колдон келген аракетти жасашыбыз керек. ЮНИСЕФ өкмөттөрдү үйдөн билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, муну менен катар көп техниканы талап кылбаган ыкмаларды издөөгө үндөйт. Ошондой эле алыскы жана элет жергелерин Интернет менен камсыз кылууга артыкчылыктуу көңүл буруу зарыл. Азыр билим берүүнү каржылоону көз жаздымда калтыра турган учур эмес. Азыр билим берүү программаларын кайра карап чыгып, санариптик ажырымды жеңүү учуру. Балдар кайда гана жашабасын дайыма байланышта болуп, билим алуусу үчүн ЮНИСЕФ жана өнөктөштөрү чогуу иш алып бара бермекчи.
Үй-бүлөлөрдүн муктаждыктарын канааттандырып, балдарын багуусу үчүн аларга колдоо көрсөтүү
COVID-19дун социалдык-экономикалык таасирин дүйнөдөгү эң аярлуу балдар өзгөчө катуу сезишет. Алардын көбү пандемияга чейин эле жакырчылыкта жашачу жана азыркы карантин шарттарында өзгөчө кыйын абалда калышты.
Миллиондогон ата-энелер күнүмдүк жашоо үчүн акча табууга аракет кылып жаткан шарттарда өкмөттөр социалдык коргоо чараларын кеңейтүүгө тийиш. Бул үчүн оор абалда калган үй-бүлөлөрдү зарыл болгон каражат, саламаттык сактоо, тамак-аш жана билим берүү менен камсыз кыла турган программалар жана саясат даярдалышы керек.
Социалдык коргоо камкордукка муктаж үй-бүлөлөргө акча бөлүп берүүнү жана азык-түлүктөн жардам берүүнү камтыйт. Өкмөттөр жумуш орундарын сактап калуу максатында жана иштеген ата-энелерге адекваттуу колдоо көрсөтүү үчүн жумуш берүүчүлөр менен чогуу иш алып барууга тийиш.
COVID-19дун социалдык жана экономикалык кесепеттерин жумшартуу боюнча чукул чаралар көрүлбөсө, ансыз да оор турмуштук шарттарда жашап жаткан он миллиондогон балдар жакырчылыктын сазында кала берчүдөй.
5. Балдарды зордук-зомбулуктан, эксплуатациялоодон жана катаал мамиледен коргоо
Адамдардын кыймыл-аракеттерине чектөө киргизилген шарттарда, социалдык-экономикалык абал начарлаган абалда балдарга карата зордук-зомбулук, алардын эмгегин пайдалануу тобокелдиги көбөйөт.
Саламаттык сактоо жаатындагы буга чейинки чукул кырдаалдар көрсөткөндөй, кыздар арасында зомбулукка кабылуу, эрте никеге туруу жана эрте куракта кош бойлуу болуу тобокелдиги күчөйт. Ал эми мектептердин жабылышынан улам обочолонуу режиминде жашаган балдар зордук-зомбулуктан жабыркап, жардамга жете албай калышууда. Оорунун жана финансылык абалдын натыйжасында пайда болгон стресс жана стигма үй-бүлөдөгү жана коомдогу туруксуз кырдаалды тереңдетип, балдардын ксенофобияга жана дискриминацияга туш болуу ыктымалдуулугун күчөттү.
Биз бул пандемиянын натыйжасында балдарды коргоо жаатындагы кризистин пайда болушуна жол бербешибиз керек. Өкмөттөр COVID-19дун жайылышын болтурбоо үчүн социалдык обочолонууну жана башка чараларды пландап жаткан маалда кыздар жана аярлуу балдар үчүн, анын ичинде басмырлоого жана стигмага туш болгондор үчүн тобокелдиктерди эсепке алууга тийиш. Оорунун айынан ата-энеси менен убактылуу көрүшө албай калган балдарга, ошондой эле эркин жүрө албаган балдарга колдоо көрсөтүүгө тийишпиз. Балдардын психикалык саламаттыгын коргоо үчүн чечимдерди иштеп чыгуу үчүн чогуу иш алып барышыбыз керек.
6. Качкындардын, мигранттардын балдарын, ошондой эле жаңжалдын очогунда калган балдарды коргоо
Пандемияга чейин эле күн сайын качкындардын, мигранттардын балдары жана жаңжал орун алган аймактарда жашаган балдар укуктары бузулган, коопсуздугуна жана бакубатчылыгына зыян тийгизген шарттарда жашап келчү. Бул кыздардын жана балдардын медициналык жардамга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелүү болчу. Ал эми оор турмуштук шарттар социалдык обочолонууну мүмкүн кылбай жатат.
Ансыз да дүйнө коомчулугу көп байкабаган бул балдар COVID-19 кулачын жайып жаткан шарттарда унутулбашы керек. 2020-жылы гуманитардык жардамга муктаж адамдардын саны буга чейин болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Бул пандемия кризистен жапа чеккен өлкөлөрдөгү балдардын абалын ого бетер начарлатты.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы COVID-19 үчүн Гуманитардык жардамдын глобалдык планын жарыялады. Эми эл аралык коомчулук үй-бүлөсүнөн ажыраган, үй жайын таштап кетүүгө мажбур болгон балдарды колдоо үчүн, алардын укуктарын коргоо максатында биригиши керек.
COVID-19 маалында балдарга колдоо көрсөтүү үчүн ЮНИСЕФ эмнелерди жасап жатат?
Коронавирус оорусуна каршы биздин жообубуз – ар бир бала үчүн ыңгайлуу болгон дүйнө тууралуу ойлонууга учур келди. Тарых көрсөткөндөй, ЮНИСЕФте жана анын өнөктөштөрүндө миллиондогон балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн жашоосун жакшыртуу үчүн тажрыйба жана мүмкүнчүлүктөр бар. Биз Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин пайда болгон качкындардын кризисинен бери ар бир табигый апаатка, куралдуу кагылышууларга, ачарчылыкка жана ооруларга каршы турууда чукул реакция жасап келатабыз.
Биз бул жерде, 192 өлкөдө COVID-19дун жайылышын болтурбоо үчүн, пандемиянын балдар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн социалдык-экономикалык кесепеттерин азайтуу максатында жамааттар, өкмөттөр жана өнөктөштөр менен чогуу иш алып баруудабыз.
Биз өзүбүзгө төмөнкүдөй милдеттенмелерди алдык:
- Өтө маанилүү жабдуулар жана коргоочу каражаттар калктын өзгөчө аярлуу тобуна жетишин камсыз кылуу үчүн өкмөттөр, бийликтер жана саламаттык сактоо жаатындагы глобалдык өнөктөштөр менен иш алып барабыз.
- Маанилүү дары-дармектерди, азык-түлүктү жана вакциналарды жеткирүүгө артыкчылык беребиз жана бул материалдарды жеткирүүгө киргизилген чектөөлөрдүн таасирин жумшартуу үчүн өкмөттөр жана логистика тармактары менен тыгыз кызматташабыз.
- Өзгөчө аярлуу жамааттардын суу менен жабдуу, санитария жана гигиена объекттерине жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн өнөктөштөр менен иш алып барабыз.
- Коомдук саламаттык сактоого байланышкан маанилүү билдирүүлөрдү жана вирустун жайылышын, өлүм санын азайтуу боюнча сунуштарды таратып турабыз.
- Мектептердин коопсуздугун камсыз кылууда жана балдар окуусун улантуусу үчүн шарт түзүп берүүдө өкмөттөргө колдоо көрсөтөбүз.
- Үйдөн жана аралыктан окутууга колдоо көрсөтүү үчүн ата-энелерге, балдарды асырап алгандарга жана мугалимдерге кеп-кеңештерди берип, колдоо көрсөтөбүз. Билим берүүдө инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу боюнча өнөктөштөр менен иш алып барабыз.
- Иштеген ата-энелерге канткенде жакшыраак колдоо көрсөтсө болоору тууралуу иш берүүчүлөргө сунуштарды даярдап беребиз, өтө жакыр үй-бүлөлөрдүн маанилүү каржылоого жетишин камсыз кылган социалдык коргоо жаатындагы жаңы чечимдерди даярдоого көмөктөшөбүз.
- Балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын психикалык саламаттыгын сактап, стигма, ксенофобия жана басмырлоо менен күрөшүү үчүн алардын ортосунда өз ара маалымат алмашуусун, билим алуусун камсыз кылабыз.
- Балдардын укуктарын жана балдарды коргоо боюнча чаралар COVID-19 менен күрөшкө, узак мөөнөттүү калыбына келтирүү пландарына камтылышын камсыз кылуу үчүн өкмөттөр, бийликтер жана башка өнөктөштөр менен иш алып барабыз.
- Качкындардын жана мигранттардын балдары, жаңжалдардан жабыркаган балдарды COVID-19дан коргоо үчүн ишибизди активдештиребиз.
- COVID-19 менен күрөш боюнча программаларды даярдоого жана ишке ашырууга балдардын катышуусуна колдоо көрсөтөбүз.