ЮНИСЕФ балдардын өмүрүн сактап калууга жардам берүүдө

ЮНИСЕФ Кыргызстандын алыскы тоолуу ооруканаларындагы реаниматологдорго балдардын өмүрүн сактап калууга жардам берүүдө

Свен Симонсен
Мужчина и женщина позируют на камеру на фоне инкубатора.
ЮНИСЕФ Кыргызстан/2017/Свен Симонсен

17 Январь 2018

"Биз мындай окуяларды унутпайбыз", - дейт дарыгер Арстанбек Карыбеков. "Баланын өмүрүн сактап калган учурда ушунчалык сүйүнөбүз! Баланын үй-бүлөсү өз үй-бүлөбүзгө айланып калат". Кыргызстанда балдар өлүмүн азайтуу боюнча ЮНИСЕФтин колдоосу менен Карыбеков жана анын кесиптеши эми мурдагыдан да көбүрөөк адамдын өмүрүн сактап жатышат.

Доктор Карыбеков Чоң-Алайдагы Жалпы дарыгердик практика борборунун директорунун орун басары болуп эмгектенет. 25 000 кишини тейлеген бул алгачкы медицина-санитариялык жардам көрсөтүү мекемеси Ош облусундагы Дароот-Коргон аттуу алыскы тоолуу айылда жайгашкан.

Акыркы жылдары Кыргызстандагы ооруканалардагы көндүмдөрдү, жабдууларды жана уюштуруу иштерин жакшыртуу боюнча иш-чараларда Борборго бир катар жардамдар көрсөтүлгөн. Өзөктүк жардамдын бири катары дарыгерлерди PALS – педиатриалык алдыңкы колдоого даярдоо болду. Реанимация бөлүмүнүн адиси Карыбеков тренингдерден кийинки өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди:

 

“Оор учурлар өлүм менен аяктачу”

“Мурда бул жакка өтө оор абалда түшкөн балдар өмүрү менен кош айтышчу. Дем албай, тамыры сокпой калган бала ооруканага түшкөндө биз үй-бүлөсүнө суук кабарды угузгандан башка айлабыз калчу эмес".

2015-жылы борбордун алты дарыгери үчүн балдарды реанимациялоо боюнча эки этапта өткөн окуулар мындай кырдаалды түп-тамырынан өзгөрттү:

“Эми бала өлүм алдында жатса да, өмүрү кылдын учунда болсо да биз анын өмүрү үчүн акырына чейин күрөшкөнгө аракет кылабыз”, - дейт доктор Карыбеков.

Жаңы көндүмдөр да өмүр сактап калууга салым кошууда:

“2016-жылы бизде ушундай алты өтө оор окуя катталган – төрт баланы аман алып калдык”.

Реаниматологдор алдыңкы усулдардын бири болуп сөөккө ийне саюу экенин билишти. Бул усул дарыгерлердин ийне саюу үчүн тамырды издөөгө кеткен убактысын үнөмдөйт.

“Эсимде, медициналык мектепте бул мүмкүн экенин айтышкан. Бирок Кыргызстанда кайсы бир дарыгер бул ыкманы колдонгонун 2015-жылга чейин уккан эмесмин”, 

- дейт дарыгер Карыбеков.

Иш-аракеттердин улуттук планы

Чоң-Алай районундагы борбор балдар өлүмүн азайтуу боюнча кеңейтилген аракеттер программасын колдонгон Кыргызстандагы көптөгөн ооруканалардын бири болуп эсептелет. Бул программаны Жапония өкмөтү каржылайт. Өлкө боюнча миңден ашуун дарыгер, акушер жана медайым акыркы төрт жыл ичинде реанимация жана ымыркайга кам көрүү жаатында даярдыктан өтүштү. Бул ЮНИСЕФтин колдоосу алдында Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин биргелешкен аракеттер планына ылайык ишке ашты.

Ошондой эле ЮНИСЕФ Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте өзгөчө жайылган төрт оору үчүн балдарды реанимациялоонун улуттук стандарттарын иштеп чыкты. Стандарттар дарыгерлер өзгөчө кырдаал жаралган учурда эң мыкты чечимди мүмкүн болушунча эффективдүү кабыл алышын камсыздайт. Мындан тышкары ооруканалар рефералдар үчүн стандарттарды колдонуп, оорулуу баланы кантип жана качан жибериш керектиги, кандай кошумча кыйынчылыктар күтүлүп жатканы тууралуу көрсөтмө беришет.

Дароот-Коргон Ош шаарынан 350 км алыстыкта жайгашкан айыл. Жол бою үч тоолуу ашуу бар, эң бийиги 3600 метр бийиктикте орун алган. Өзгөчө кышында айылга жетүү оңой эмес, ал эми жолдордун абалы начар, көчкү көп жүрөт.

Ушул тапта ооруканалар балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн бир кыйла мыкты жабдылган. Мисалы, ЮНИСЕФ ооруканаларга баланын активдүүлүгүнүн ар бир мүнөтүнө байкоо салып туруу үчүн атайын мониторлорду жана дарыгерлерге дарынын так дозасын аныктоого жардам берген инвазиондук насосторду өткөрүп берди. 34 оорукана ымыркайлардын дем алуусун камсыздап турган СРАР машиналарын алышты.

Гүлбарчын (38 жашта) жаңы эле көз жарды
ЮНИСЕФ Кыргызстан/2017/Свен Симонсен
Гүлбарчын (38 жашта) жаңы эле көз жарды. Чоң-Алайдагы борбордун төрөт үйүнүн кызматкерлери бала тынч алып, курсагын тойгузуш үчүн ымыркайды энесинин көкүрөгүнө жаткырышты.

Ымыркайлардын өмүрүн сактап калуу

Ымыркайлардын да, энелердин да өмүрүн сактап калуу үчүн төрөт үйлөрүндө шарттарды жакшыртуу маселеси өзгөчө маанилүү.

2009-жылы доктор Карыбеков ушул ооруканага келгенде төрөт бөлүмүндө 14 ымыркай чарчап калган. Бул ооруканада жыл сайын 400-500 ымыркай жарык дүйнөгө келет. “Көпчүлүк учурлар катадан улам болду; медициналык кызматкерлерде көндүмдөрдүн жана билимдин жетишсиздиги буга себеп болду”, - дейт ал.

2016-жылы ымыркайлар арасында өлүмдөрдүн саны эки эсе азайды.

Бактыгүл Пакирова борбордун төрөт бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет. Ал Чоң-Алайдагы борборго 2010-жылы келген:

“Мен ЮНИСЕФ уюму уюштурган көптөгөн тренингдерге катыштым. Биздин кызматкерлер төрөт маалында алгачкы жардам көрсөтүү боюнча даярдыктан өтүштү, биз эне сүтүнүн жана төрөттөн кийин ымыркай менен эненин дене табын колдоого жардам берген температуралык чынжырчанын мааниси тууралуу билдик”,

- дейт, Бактыгуль Пакирова.

“Ошондой эле бизде кесепеттери оор төрөттөр азайды. Себеби бизди буга чейин болгон окуяларды талдап, аныктоого окутушту. Мурда бизде протоколдордун мындай системасы болгон эмес”, - деп кошумчалады Пакирова.

 

Жуунучу бөлмөдөгү ванна

2011-жылы ЮНИСЕФ энелер жана балдар үчүн палаталарга таза суу өткөрүп, даараткананы жана жуунучу бөлмөнү оңдоп, суу менен камсыздоо жана канализация системасын калыбына келтирди. Буга чейин жаңы эле көз жарган аялдар сырттагы жуунучу жайды колдонууга мажбур болушчу. Дароот-Коргонго барган түнү абанын температурасы 30 градуска чейин төмөндөп, бул өтө оор шарттардан кабар берип турду.

Ошондой эле доктор Пакирова мониторинг боюнча соңку миссияларды жогору баалады. Бул мониторингдер жаңы көндүмдөрдүн жана жабдуулардын колдонулушун камсыздоо үчүн ЮНИСЕФтин тренингдеринин бир бөлүгү болуп эсептелет:

“Бул бизге өтө чоң дем берүүдө. Себеби мониторинг кырдаалды биздин көз карашыбыздан көрсөтүүдө; Керектөөлөрдү аныктап, сунуштамаларды берет”, - деди Пакирова.

“ЮНИСЕФ биздин ооруканага өзгөртүүлөрдү киргизип жатат”.

Айпери, Нарипа жана Данагүл Чоң-Алайдагы борбордо оорулуу, бирок сакайып келаткан балдарынын жанында отурушат.
ЮНИСЕФ Кыргызстан/2017/Свен Симонсен
Айпери, Нарипа жана Данагүл Чоң-Алайдагы борбордо оорулуу, бирок сакайып келаткан балдарынын жанында отурушат.