Кыргыз-тажик чек арасында тынчтык мамилелери эритмеден жана кирпичтен курулат

Тайырбек Абдилашим уулу Кыргызстандын түштүгүндөгү элет жергесинде жашайт. Ал жашаган үйдөн жүздөгөн метрден кийин Тажикстан менен чек ара жайгашкан.

By Sven G. Simonsen
ЮНИСЕФ Кыргызстан/2017/Свен Симонсен
ЮНИСЕФ

29 Январь 2018

Тайырбек Абдилашим уулу Кыргызстандын түштүгүндөгү элет жергесинде жашайт. Ал жашаган үйдөн жүздөгөн метрден кийин Тажикстан менен чек ара жайгашкан.

Абдан эле жакын, бирок эки жыл мурда биз кошуналарыбыз менен сүйлөшчү эмеспиз. Атүгүл учурашчу да эмеспиз.

деп эскерди 22 жаштагы Тайырбек.

Ошондон бери баары өзгөрдү. Тайырбек чек арада жашаган адамдар менен мамиле түзүп, аларга телефон чалып, баарлашып, атүгүл иш да тапты. Себеби Тайырбек чакан бизнести колго алды.

Мунун баары ЮНИСЕФтин колдоосу менен түзүлгөн жаштар борборунан башталган.

 

Чек арадагы чыңалуу

Тайырбек жашаган айыл Баткен облусундагы Кулунду айылынын жанында жайгашкан. Айыл түндүгүнөн, батышынан жана түштүгүнөн Тажикстан менен чектешет, ал эми чек ара болсо Кулунду аркылуу өтөт. Кыргыз-тажик чек арасындагы жерлердин көбү 1991-жылы мурдагы совет республикалары эгемен болгондон бери демаркациялана элек.

Бул облус жарым-жартылай Фергана өрөөнүндө орун алган. Фергана түшүмдүү жана калк жыш жайгашкан облус, ал Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан аркылуу өтөт. Бул жерде 1989-жылдагыдай эле жаңжалдар болгон, алар калк арасында чыңалууну жана ишенбестикти жараткан, ошондон бери жок боло элек.

2010-жылы Кыргызстанда этникалык кыргыздар менен өзбектер ортосунда жаңжал болуп, жүздөгөн адамдар өмүрү менен кош айтышып, 400 000ден ашуун адам үйлөрүн таштап качууга мажбур болгон. ЮНИСЕФ жаңжалда жабыркаган адамдарга жардам берүү үчүн чукул чараларды көрүп, этностук топтор ортосундагы ишенбестикти азайтып, өз ара мамилесин бекемдөө үчүн бир катар иш-чараларды жасады.

 

Жаштардын жообу

Түштүктөгү үч облуста 23 жаштар борборун түзүү ЮНИСЕФтин демилгелеринин бири болчу. Бул борборлор түрдүү этностук жамааттардагы жаштарга өз ара мамиле түзүп, жашоосун жакшыртуу максатын көздөгөн.

Борборлор окутуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн кеңири өңүтүн сунушташат – англис жана орус тилдери, компьютерде иштегенди үйрөнүү, лидерлик, баарлашуу, карьераны пландоо, ишкерлик, атүгүл шахмат жана бий боюнча ийримдер. Ошондой эле жаштар борборлору тынчтык курууга жана жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө көңүлдү буруп, чек аранын эки тарабында жашаган түрдүү этностук топтордун катышуусу менен иш-чараларды уюштуруп келет.

Кулундудагы борбор жергиликтүү бийликтин ишенимине ээ болуп, жергиликтүү жаштарга жетүүнү каалагандардын баары үчүн негизги канал болуп калды.

ЮНИСЕФ Кыргызстан/2017/Свен Симонсен
ЮНИСЕФ
Аида Бакытбек кызы (16 жашта) (солдо), Гүлцире Абдимиталип кызы (17 жашта) жана Гүлжамал Нематилла кызы (16 жашта) жакында эле Кулундудагы жаштар борборуна кошулуп, машыгууларды, борбор сунуштаган долбоорлордун колдоосун пайдаланып жатышат.

Эми баары биз менен иштешет. Милиция биздин демилгелерди колдоп берди. Ал эми саламаттык сактоо кызматкерлери ВИЧ жөнүндө, дин аалымдары радикализм жана башка темаларга сүйлөшкөнү келишет, - 

деп айтты лидерлердин бири Нурали Паизиев

ЮНИСЕФ колдоого алган бизнес долбоордун алкагында сунушталган мүмкүнчүлүктөрдүн бири – бул келечеги бар бизнес-идеялар үчүн чакан гранттар. Тайырбекте идея пайда болоор замат ал дал ошону ишке ашырды: ижарага берип туруу үчүн үйлөрдүн дубалдарын тургузганда колдонулган рамаларды сатып алды.

Жабдууну алгандан кийин бир жылга жетпеген убакытта бизнеси өнүгө баштады. Атүгүл Тайырбек эки-үч жылдан кийин өзүнүн курулуш компаниясын түзүү тууралуу да ойлоно баштады.

 

Эл аралык байланыштар

Эритме жана кирпич менен Тайырбек чек ара аркылуу достук байланышты түзүп жатат:

“Биз тажиктер Кыргызстанга келип, курулушта иштей ала тургандай шарттарды түздүк. Курулушчулар бул жерде сапаттуу жабдуулар менен иштегенге кубанычта”, - деп айтты Тайырбек. Атүгүл чек аранын тиги тарабында анын жабдууларын ижарага алган кардарлары да бар.

Жаштар борборунун башка калган катышуучулары менен биргеликте Тайырбек эми жаңы, кеңири масштабдагы транс чек аралар аралык долбоорго катышып жатат. Бул долбоорду БУУнун Тынчтык куруу фонду каржылап, ЮНИСЕФ жана БУУнун Кыргызстандагы жана Тажикстандагы башка агенттиктери каржылайт.

Биз жолуккан учурда Кулундудагы жаштар борбору Нооруз фестивалына даярданып жаткан экен. Борбор жыл сайын бул күнү биргелешкен кыргыз-тажик жаштар иш-чарасын өткөрүп келатат.

Маал-маалы менен жашоочулар ортосунда чыңалуулар болуп турганы менен, Кулундунун жергиликтүү тургундары жаштар борборунун ишине позитивдүү көз карашта, дейт Нурали Паизиев:

“Биз бул жерде жашайбыз жана мындан ары да жашай беребиз. Ошондуктан эки өлкөнүн калкы баарына тынчтык керек болгонун түшүнүп турат”.

-дейт Нурали Паизиев.