Майыптуулугу бар балдар: үйүм, кагылайын үйүм

Кыргызстандын Бишкектен кийинки эле чоң шаары Оштун четинде “Бүчүр” деген жазуусу бар көрсөткүч көзгө дароо урунат. “Бүчүр” – майыптуулугу бар балдар үчүн реабилитациялык борбор.

By Leyla Alyanak
ЮНИСЕФ Кыргызстан/2016/ Лейла Алянак
ЮНИСЕФ

29 Январь 2018

Анын адамды арбаган жылмаюусу караңгы түндөн кийин жарк этип пайда болгон күн сымал бөлмөнү жарык кылат. Ал бизди кучактап, сүрөткө тартып, белгилүү америкалык ырчы Ариана Гранденин хит ырын тунук үнү менен ырдап берип жатты.

Ал колуна акыркы үлгүдөгү смартфонду алды. Бармактары ары-бери “учуп жатат”, себеби ал видеону редакциялап жатты. Муну ал жакында эле ЮНИСЕФ уюштурган семинарда үйрөнгөн эле. Бул семинарда жаштар жаңы технологияларды колдонуп, өз көйгөйлөрү тууралуу чыгармачылыктын жардамы менен айтып бере алышы үчүн техникалык көндүмдөрдү үйрөнүшкөн.

Ал өзүнүн видеосун социалдык тармактарга жарыялаар замат достору “жакты” белгисин койгонго шашылышат.

“Менин кызым ушунчалык таланттуу, - дейт жылмайган атасы, - мен аны менен абдан сыймыктанам”.

Балдар
ЮНИСЕФ
Рамазан жана Розалия майыптуулугу бар балдар үчүн борбордо чогуу ойношууда. Бул борборду ЮНИСЕФ Ош шаарында колдоп келет.

Гүлиза Музаффар кызы 17 жаштагы кадимки кыз. Бир гана өзгөчөлүгү – ал төрөлгөндөн бери эле шал оорусу менен ооруйт.

Жайылган дасторкондун үстүндө аны карап отуруп, бул чачы өрүлгөн кыз кантип чоңоёрун атүгүл бир саамга да элестетүү кыйын.

“Башка балдар бийлеп, ойногонун карап отуруп, мен анте албаарымды түшүнөм”, - дейт эч нерсе болбогондой Гулиза. Ал эч кимге өзүн аёого уруксат бербейт.

Гүлиза өмүрүнүн ар бир күнүнөн ырахат алып жашайт. Ал АКШ каржылаган англис тилиндеги программа боюнча артыкчылык менен жогорку билим алган. Мектептеги мугалимдери көп келип турушат, достору такай телефон чалышат. Анын ата-энеси кызы жок дегенде үйдө өз алдынча кыймылдай алышы үчүн колдон келгенин жасашкан: алар дубалды бойлото металлдан тосмо орнотуп бергендиктен Гүлиза ээн-эркин басып жүрө алат. Алар көчөгө чыкканда атасы кызын көтөрүп алып төртүнчү кабаттан алып түшөт. Жылдан жылга кызын ушинтип сыртка чыгаруу кыйын болуп жатканы атасын токтото албайт.

 

Институционалдаштыруу абдан кеңири жайылган

Башка майыптарга салыштырмалуу Гүлизаны жолдуу десек болот. Себеби ал өз үй-бүлөсүндө жашайт. Кыргызстанда майыптуулугу бар балдардын учтөн бири атайын мекемелерде жашап келишет. Булар адатта жетимдер; ата-энеси болгон күндө да алар мындай балага кам көрө албай тургандай жакыр жашашат же өзгөчө балдарга байланышкан жалган стереотиптен улам багууну каалашпайт; де жардамдын башка түрлөрү жеткиликтүү эмес. Белгилүү болгондой, атүгүл ооруканалар жана бала бакчалар да майыптуулугу бар балдарды атайын мекемелерге калтырууга ата-энелерди ынандырышат.

Көпчүлүк учурларда ата-энелер мындай мекемелерде алардын балдарына адистер кесипкөй жардам берип, балдарды коомго кошууга жардам бее алышат деп ойлошот.

“Биз Бишкектеги мектеп-интернатка барганбыз, себеби Гүлиза өзүндөй эле балдардын чөйрөсүндө өзүн жакшы сезет деп ойлогонбуз, - деп айтып берди Гүлизанын апасы Жыпаргүл Самиева. – Бирок балдардын көпчүлүгүн ата-энеси таштап кеткенин, алар кандай шарттарда жашап жатканын көргөндөн кийин кызыбызды ал жерге калтырып кете алган жокпуз”.

 

Жүрөктө жана акылда болгон өзгөрүү

Мындай балдарды атайын мекемелерге жайгаштыруу совет мезгилинде кадыресе көрүнүш болгону менен, бийлик бул ыкманын натыйжалуулугунан шек санап, анын альтернативалуу жолдорун издеп жатат.

“Интернаттык типтеги мекемелер милдеттүү шарт болгондун ордуна ЮНИСЕФ аларды алып салууну колдойт, бирок мунун ордуна альтернативалык кам көрүү менен коштолгон милдеттүү үй-бүлөлүк камкордук болуш керек, - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы балдарды коргоо боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Мунир Мамедзаде. – Майыптуулугу бар балдар үчүн интеграцияланган коомдук кызмат көрсөтүүлөр моделин өнүктүргөндө эрте куракта майыптуулукту аныктап, кызмат көрсөтүүгө жетүүдө балдардын алдында пайда болгон тоскоолдуктарды жок кылуу үчүн баары чогуу иш алып барышат”.

Майыптуулугу бар балдарга эрте диагностиканы жана камкордук, укугу бар болгон кызмат көрсөтүүнү алуусун камсыздап берүү үчүн ЮНИСЕФ эрте кийлигишүүнү жана төрөлгөндөн баштап сегиз жашка чейин балдардын майыптуулугун аныктоону киргизүүдө. Бул медициналык тейлөө эмгекке жарамсыздыгын же өнүгүүдө кечеңдөө бар болгонун өз убагында баалай алууга жол берет. Ошондой эле жакындарына баланын абалын билип, көзөмөлдөп турууга жардам берет.

“Мыкты сценарий – өзгөчө оор кырдаалдарды кошпогондо, майыптуулугу бар балдар үчүн социалдык кызмат көрсөтүүлөр башка балдарга берилгендей эле болгону, - деп айтты Мунир Мамедзаде. – Бул кызмат көрсөтүүлөр мындай балдарды башка балдардан бөлбөйт”.

Бирок, тилекке каршы, интеграциялоо үчүн социалдык кызматкерлер жана шарттар жетишсиз. Алар чындап бар болгон жерлерде жыйынтыктар купулга толот. Бул болсо ийгиликтин чыныгы далили.

 

Коом кам көргөндө...

Кыргызстандын Бишкектен кийинки эле чоң шаары Оштун четинде “Бүчүр” деген жазуусу бар көрсөткүч көзгө дароо урунат. “Бүчүр” – майыптуулугу бар балдар үчүн реабилитациялык борбор. Мында апта сайын экиден 16 жашка чейинки курактагы болжол менен 20 бала бир нече саат бою математикадан баштап оюнга чейин окууда зарыл болгон көндүмдөрүн өнүктүрүшөт. Убактысынын калган бөлүмүн же үйүндө же мектепте өткөрүшөт.

Мындай балдардын ата-энелери үчүн “Бүчүр” – бул бата.

“Эки баламда Даун синдрому бар, - деп айтты үнү акырын чыккан эне ар бирин кучактап жатып. – Сегиз жаштагы балам атайын мектепке барат жана төрт тамгадан турган сөздү окуй алат. Кызым болсо 4,5 жашта, бирок каттарды жана сандарды окуй алат”.

Анын көздөрү жайнап турат, Галина (аты өзгөртүлдү – ред.) ушинтип кубанычын билдирүүдө.

“Бизде колдоо бар, жолдошум куралдуу күчтөрдө иштейт, ал балдарын ушунчалык катуу жакшы көрөт, - дейт ал. – Мен билем, айрым үй-бүлөлөрдө кырдаал башкача”.

Реабилитациялык борборго келген балдарында көзгө илинээрлик жылыштарды байкаган энелер абдан бактылуу: бир кездери бир күн бою бөтөлкөнү ары-бери тоголотуп отурган аутист бала азыр санаганды билет, окуй алат, башка балдар менен ойнойт; кыймыл-аракеттери чектелүү беш жаштагы кыз сабактарды калтырбай барып турат; мурда такыр баса албаган бала азыр басмак түгүл, башка балдар менен ойноп, баарлашууда.

“Бул жерге аптасына бир жолу келген 21 баланын ичинен сегизи кадимки мектепке барышат, - деп айтты борбордун директору Эльвира Макеева. Бул жерде биз жасаган иштин баары мындай балдарга көндүмдөрдү сактап, жакшыртууга жардам берет”.

ЮНИСЕФ түзгөн күндүзгү борбор ушул тапта шаар бийлигинин тескөөсүндө турат жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат, бул болсо борбордун андан ары иштеп кетишин кепилдейт.

“Балдар адегенде камкордукка, мээримге жана көңүлгө, андан кийин билимге муктаж, мунун баары маанилүү", - деди Макеева.

Буга карабастан майыптуулугу бар дагы көптөгөн балдар мурдагыдай эле коомдук турмуштан обочолонуп кала беришүүдө.

“Дагы көп нерсени жасаса болот, - деп айтты Мамедзаде, - бирок өлкөдө ар тараптуу жана бүтүн бир программа жок, болгону анын айрым бир бөлүктөрү гана иштеп жатат”.

ЮНИСЕФ майыптуулугу бар балдар үчүн маанилүү кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, мындай балдар менен иштегендердин жана алардын ата-энелеринин көндүмдөрүн өнүктүрүү жана квалификациясын жогорулатуу менен алектенүүдө. Ошондой эле балдарды интернаттарга жайгаштырууну колдогон стереотиптер менен да күрөшүүдө. Мындан тышкары ЮНИСЕФ тарбиялоонун жаңы жана натыйжалуу ыкмаларын өнүктүрүп, түрдүү министрликтер аркылуу ишти оптималдаштырып, мындай балдар жашаган үй-бүлөлөр үчүн администрациялык тоскоолдуктарды азайтып, майыптуулугу бар балдарга өзгөчө маани берген жамааттардын деңгээлинде кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн өкмөт менен иштеп жатат.

“Бүчүр” өңдүү борборлор көп эмес болушу мүмкүн, бирок майыптуулугу бар балдардын андан ары кадимки мектепте билим алып, коомго дагы да жакшы аралашуусуна жардам көрсөтүүдө алардын ийгилиги көзгө илинээрлик. “Бүчүр” жана ушул өңдүү мекемелер адатта өнүгүүсү кечеңдеген балдарды кабыл албаган бала бакчаларга даярдашат. Кадимки мектепке барган балдар болсо, үй тапшырмасын аткарып, реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн кошумча жардам издеп “Бүчүргө” барышат.

Эгерде Гүлизанын ата-энеси “Бүчүр” же ушул өңдүү борборлорду билгенде кыз да каттоого алынып, борборго барып, ал жерде өзүнүн уникалдуу таланттарын жана социалдык чөйрөдөгү көндүмдөрүн өнүктүрө алмак.

Биз Гүлиза менен коштошуп чыккандан кийин Совет доорунда курулган кирпич тамдын тепкичинен анын айлананы жаңырткан кубанычтуу үнүн уктук.

“Суранам, мен үчүн чакан видео тартып берчи, - деп апасына айтып жатканын уктук. – Андан кийин мен аны редакциялап, биз бир аз акча таба алабыз”.

Апасы күлүп жиберди.

Гүлиза смартфонунун жана жаңы технологиялардын жардамы менен жакындарына өз жолун табууга жардам берген “техникчи”.

Чын эле, кадимки өспүрүм.

ЮНИСЕФ Кыргызстан/2016/ Симон Листер
ЮНИСЕФ Кыргызстан/2016/ Симон Листер
Розалия Оштогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн борборго барат. Бул борбор ЮНИСЕФтин колдоосу менен ачылган. Үй-бүлөсүнөн ажырап калышы ыктымал балдарды күндүз карап берүү менен, Борбор мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга кам көрүүнүн альтернативалык моделдерин сунуштап жатат. Бул оор турмуштук кырдаалда калган үй-бүлөлөрдө өскөн өзгөчө аярлуу балдарга кызмат көрсөтүүгө көмөктөшкөн долбоордун бир бөлүгү.