Кыргызстандын ыктыярчылары жолдорду окуучулар үчун коопсуз кылууда

Ыктыярчылар программасынын алкагында ЮНИСЕФ Ички иштер министрлигинин Улуттук патрулдук милициясы менен биргеликте «Коопсуз өтүү» аттуу кампанияны башташкан

Айжан Абдесова
UNICEF Volunteers
UNICEF/Kyrgyzstan/2019/Bektur Janibekov
05 Декабрь 2019

Кыргызстандын борбор шаары Бишкектен болжол менен 40 минуталык аралыкта жайгашкан Новопавловка айылынан 10 жашар эгиз бир туугандар кышында эртең менен мектепке бара жатышкан.  Мектептин жанындагы жөө адамдар өтө турган жолдон аларды кокустуктан машине сүзүп кеткен. Алган жарааттарынан улам бир туугандардын бири каза болуп калган. Бул трагедия 2019-жылдын январь айында болгон эле. Ал жалпы Кыргызстанга катуу таасир берип, жолдон өтүүнүн коопсуздугун камсыздоо, өзгөчө балдар үчүн камсыздоо канчалык маанилүү экендигин эске салды.

2019-жылдын алгачкы алты айында жаш балдар жабыркаган 710 жол кырсыгы катталып, алардын 36сы каза болгон жана 828и ар кандай жарааттарды алышкан. Бийликтин жолдордогу авариялардын санын азайтуу боюнча көрүп жаткан чараларына карабастан, расмий статистика курмандыктардын саны өсүп жатканын көрсөтүүдө. Балдарга байланышкан кырсыктардын саны 2019-жылдын биринчи жарымында былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 30,5% көбөйгөн.

Volunteers handed out reflective bracelets to schoolchildren to help them be more visible for drivers
UNICEF/Kyrgyzstan/2019/Bektur Janibekov
Ыктыярчылар мектеп окуучулар айдоочулардын көзүнө чалдыгышы үчүн аларга жарык чагылдыруучу билериктерди таратып беришти.

Ыктыярчы Жамиля Абдакимова менен анын командасы бир ай бою Бишкектеги мектептердин жанындагы опурталдуу жол кесилиштеринде нөөмөттө турушту.

«Жол эрежелерин жөө адамдар да, айдоочулар да бузгандыгына күбө болдук», - дейт Жамиля. «Жөө адамдар эреже бузушат, кичинекей балдар жолго чуркап чыга калышат, ал эми айдоочулар уруксат берилбеген жерлерге машинелерин токтотуп, жөө адамдарга тоскоолдуктарды жаратышат».

Ыктыярчылар мектеп окуучулар айдоочулардын көзүнө чалдыгышы үчүн аларга жарык чагылдыруучу билериктерди таратып беришти. ЮНИСЕФ уюмунун ыктыярчылары жүргүзгөн «Жөө адамдардын жолдордон коопсуз өтүүсү боюнча кампания» социалдык түйүндөрдө гана эмес, Кыргызстандын алдыңкы ЖМКларында да чагылдырылды. Ыктыярчылар башкы коомдук телеканалда конокто болуп, жолдон өтүү мезгилинде коопсуз жүрүм-турумдун маанилүүлүгү жөнүндө прайм-тайм мезгилде көрсөтүлгөн телеберүүгө катышты.

«Балдарыбыз көп учурларда жүргүнчү катары да, жөо адам катары да жол кырсыктарына кабылып жатышат», - деди Тилек Оторов, Улуттук патрулдук милициянын пресс-кызматынын өкүлү. «Ошондуктан ЮНИСЕФтин ыктыярчылары менен биргеликте биз жол кыймылынын коопсуздугу жана жолдон өтүү эрежелери туурасында маалыматтык кампания жүргүздүк».

UNICEF volunteers made crossroads safer in the 63 schools areas in the whole of Kyrgyzstan
UNICEF/Kyrgyzstan/2019/Bektur Janibekov
Бир ай ичинде ЮНИСЕФ ыктыярчылары жалпы Кыргызстан боюнча 63 мектептин жанындагы жол кесилиштерин коопсуз кылууга аракет жасашты

«Балдарыбыз көп учурларда жүргүнчү катары да, жөо адам катары да жол кырсыктарына кабылып жатышат», - деди Тилек Оторов, Улуттук патрулдук милициянын пресс-кызматынын өкүлү. «Ошондуктан ЮНИСЕФтин ыктыярчылары менен биргеликте биз жол кыймылынын коопсуздугу жана жолдон өтүү эрежелери туурасында маалыматтык кампания жүргүздүк».

Окуу жылынын башында, 2019-жылдын сентябрь айында, ыктыярчылар программасынын алкагында ЮНИСЕФ Ички иштер министрлигинин Улуттук патрулдук милициясы менен биргеликте «Коопсуз өтүү» аттуу кампанияны башташкан. Күнүнө эртең менен бир ай бою жалпы өлкө боюнча 140 ыктыярчы мектептерге жакын жерлерге барып, окуучуларга жолдон коопсуз өтүүгө жардам берип, мектептердин жанында айдоонун эрежелери менен ченемдерин айдоочулардын эсине салып турушкан.

Ыктыярчылар мектеп окуучулары менен алардын ата-энелеринин арасында жолдордогу коопсуздук жана кийимде жарык чагылдыруучу элементтердин болушунун маанилүү экендиги жөнүндө маалымдуулукту жогорулатышты. Балдарга кантип жолдон туура өтүү керектигин: аларга көңүл коюп, жолду кесип өтүп жатканда эки тарапты тең карап, кулакчындарын алып, телефон же башка нерселерге алагды болбоо керектигин түшүндүрүштү.

Бир ай ичинде ЮНИСЕФ ыктыярчылары жалпы Кыргызстан боюнча 63 мектептин жанындагы жол кесилиштерин көбүрөөк коопсуз кылууга аракет жасашты. Жалпы жонунан алар 21 000 окуучуга жолдон коопсуз өтүү эрежелерин үйрөтүп, 6000 улуу курактагы адамдар, негизинен, ата-энелер жана камкорчулар менен билими жана маалыматы менен бөлүштү.  

ЮНИСЕФ Кыргызстандагы көчөлөр менен жол кесилиштерин коопсуз пайдаланууну камсыздоого багытталган ишин улантууда. Бул үчүн БУУӨП, ДССУ жана ЕРӨБ менен өнөктөштүктө 2020-жылы тийиштүү программалык демилгелер баштала тургандыгы күтүлүүдө.

ЮНИСЕФ ыктыярчылары – ар бир бала үчүн!

 

UNICEF Volunteers
UNICEF/Kyrgyzstan/2019/Bektur Janibekov