Кыргызстанда 5 миңден ашуун жаштар өз пикирлерин жеткирүү үчүн M-Report платформасына кошулушту

Кыргызстандагы жаштарга алар үчүн маанилүү болгон маселелер боюнча өз пикирин билдирүү үчүн мүмкүнчүлүктөр керек.

Свен Симонсен
<p>Бабинур (20) (солдо), ЮНИСЕФ консультанты, Исабек Асанбаев, Денис (15), Сулейман (16) жана Улугбек (15).  Кыргызстандагы M-Reportдон бардыгынын чоң үмүттөрү бар.</p>
UNICEF Kyrgyzstan/2016/Sven G. Simonsen
17 Январь 2018

Кыргызстандагы жаштарга алар үчүн маанилүү болгон маселелер боюнча өз пикирин билдирүү үчүн мүмкүнчүлүктөр керек. M-Report платформасын киргизүү менен ЮНИСЕФ жаштарга дал ушундай мүмкүнчүлүктү берүүнү пландап жатат.

Кыргызстан ЮНИСЕФтин U-Report* инновациялык системасын колдонгон бул система жеткиликтүү болгон Борбор Азияда биринчи өлкө болуп калды. M-Report деп аталган бул система жаштарга алар үчүн маанилүү болгон пикири жана ой жүгүртүүлөрү менен акысыз, СМС аркылуу, ошондой эле онлайн бөлүшүүгө жол берет.

Жаштар тегерегинде болуп жаткан окуяларга кызыгышат жана кээде улууларга караганда көбүрөөк маалыматка ээ,

Кыйынчылыкты башынан өткөргөн жаштар

M-Report аталышында “М” тамгасы molodezh дегенди туюндурат. Бул орус тилинде “молодежь” (жаштар) деген сөздү, ошондой эле mnenie – же “мнение” (пикир) дегенди билдирет.  M-Report системасынын колдонуучулары – аларды М-кабарчылар деп коюшат – ар эки аптада бир жолу маанилүү темалар боюнча СМС сурамжылоого катышууга чакырылып турушат. M-Report системасынын www.mnenie.kg сайтында сурамжылоонун жыйынтыктары жарыяланат, жаштар дебатты баштап, ага катышып, өз идеялары менен бөлүшө алышат.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстанда жаштардын көбү саясий жактан ар башка пикирди карманып, келечекке болгон үмүтүн үзүп коюшкан. Бабинур да ушундай эле пикирде:

“Мен жаштардын 15-20 пайызында гана жигердүү жарандык позиция бар деп айтаар элем. Көпчүлүк жаштар үчүн саясий маселелер жана өлкөнүн көйгөйлөрү экинчи планда кала берүүдө. Оор турмуштун айынан улам ушундай болду го деп ойлойм, айрымдары күнүмдүк турмушун гана ойлойт”, - дейт ал. 

“Бирок бул абдан өкүндүрөт”, - деп кошумчалайт Бабинур. “Улгайган адамдар өздөрүн жаштарга караганда акылдуу санашат, бирок дайыма эле мындай эмес. Жаштар тегерегинде болуп жаткан окуяларга кызыгышат жана кээде мисалы глобалдык көйгөйлөр, айлана-чөйрө тууралуу улууларга караганда көбүрөөк маалыматка ээ”.
 

Бабинур (20 жаш)
ЮНИСЕФ Кыргызстан/ 2016/Свен Симонсен
Бабинур M-репортер болду

Жаңы колдонуучуларды СМС каттоо аркылуу окутушууда

Чечим кабыл алууга салым

Кыргызстанда M-Report системасын түзүү үчүн U-Report технологиясын адаптациялоонун негизги максаты так белгилүү: чечим кабыл алган адамдар жаштардын дагы кызыкчылыктарын эсепке алгыдай кылыш керек. M-Report саясий жана социалдык маселелер боюнча чечим кабыл алууда жаштардын салымын жогорулатууну жана жаштардын катышуусун күчтөндүрүүнү көздөйт.

“Биз жаштар менен чечим кабыл алган адамдар ортосунда диалог башташыбыз керек”, - дейт ЮНИСЕФтин жаштарды жана өспүрүмдөрдү өнүктүрүү боюнча программасынын координатору Гүлжигит Эрматов. “Бүгүнкү күндө жаштар арасында аларды эч ким укпай, басмырлайт деген пикир басымдуулук кылат. Биз жаштарга маанилүү болгон темалар боюнча суроолорду узатып, мамлекеттик саясат алардын пикирлерине негизделишин камсыздайбыз”.

M-Report Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Улуттук Стратегиялык изилдөөлөр институту менен биргеликте башкарылат. Сурамжылоолор үчүн темаларды этикалык комитет бекитет, ага бир катар бейөкмөт жаштар уюмдарынын, ошондой эле мамлекеттик министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү кирет.

“M-Report системасын колдонуу Кыргызстандын демократиялык системасынын жардамы менен мүмкүн болду жана биз M-Report демократиялык система өлкөдөгү жаштардын үнүн жеткирүү аркылуу дагы да динамикалуу өнүгүүсүнө көмөктөшөт деп үмүт артабыз”, деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү Юки Мокуо.

 

Колдонуучулардын базасын кеңейтүү

М-кабарчы болуш үчүн Alga сөзүн жазып, 4747 кыска номерине СМС билдирүү жөнөтүш керек. М-кабарчылар жашыруун болот, бирок системага катталып жатканда алардын жаш курагын, жынысын, географиялык абалын аныктаса болот. M-Report системасындагы бардык сурамжылоолор акысыз болуп эсептелет.

Ушул тапта M-Report аркылуу сурамжылоолор өлкөдөгү үч ири мобилдик операторлордун кардарларына СМС аркылуу жеткиликтүү. M-Report системасынын колдонуучуларынын саны өсүп жаткандыктан, ал жаштардын көйгөйлөрү тууралуу маалыматты биринчи булактан жана онлайн режиминде алуу мүмкүн болуп калды. Ал ошондой эле мамлекеттин айкындуулугун жана отчеттуулугун күчөтүү үчүн потенциалга ээ.

Бабинур (20) (солдо), ЮНИСЕФ консультанты, Исабек Асанбаев, Денис (15), Сулейман (16) жана Улугбек (15).  Кыргызстандагы M-Reportдон бардыгынын чоң үмүттөрү бар.
ЮНИСЕФ Кыргызстан/ 2016/Свен Симонсен
Бабинур (20) (солдо), ЮНИСЕФ консультанты, Исабек Асанбаев, Денис (15), Сулейман (16) жана Улугбек (15). Кыргызстандагы M-Reportдон бардыгынын чоң үмүттөрү бар.

Бишкектеги мектепте M-Report системасын жайылтып жаткан 15 жаштагы ыктыярчы Денистин баамында, колдонуучулардын базасын кеңейтүү көйгөй болбошу керек.

“M-Report системасына кызыгуу бар, анткени биздин өлкөдөгү жаштардын көйгөйү көп. Бул программа ушул кырдаалды өзгөртүү үчүн түзүлгөн”, деген Денисти ушул эле мектептеги башка эки ыктыярчы – Сулейман (16 жашта) жана Улугбек (15 жашта) да колдошот.

 

Тынчтык куруу үчүн аспап

Кыргызстанда M-Report системасын ишке берүү БУУнун Тынчтык куруу фондунун каржылоосунун жардамы менен мүмкүн болду.

Жаштардын абалын жеңилдетүү өлкө үчүн актуалдуу маселе болуп эсептелет. 2005-жылы жана 2010-жылы саясий жана социалдык чыңалуу маалында жаштар зордук-зомбулук коштолгон процесстердин негизги катышуучулары болушкан. Ушул тапта айрым адамдар жаштардын келечекке болгон үмүтүн жоготуп коюушун өзүнүн экстремисттик жана улутчул демилгелерин ишке ашыруу үчүн колдонгусу келет. Алар мында моралдык колдоого муктаж болгон жаштарды курал катары колдонууну көздөшүүдө.


* U-Report – бул системанын негизинде M-Report түзүлгөн. Ал алгачкы жолу 2011-жылы Угандада ЮНИСЕФтин Глобалдык Инновациялык Лабораториясында иштелип чыгып, ошондон бери дээрлик 30 өлкөдө кеңири жайылган. Ал жаштар өз жашоосунун шарттары тууралуу пикирлери жана маалыматтары менен бөлүшүп турушу үчүн мобилдик технологиялардын негизинде платформа катары түзүлгөн. U-Report түрдүү өлкөлөрдө ар башкача колдонулуп келет. Мисалы, түрдүү программалардын натыйжалуулугу маселелери боюнча жамааттар менен кеңешүү үчүн, кайсы бир оорунун жайылышы тууралуу калкка эскертүү берүү үчүн жана иммунизациялоо боюнча өнөктүк маалында калкты мобилдештирүү үчүн колдонулат.

M-Report платформасында U-Report технологиясы колдонулганы менен, M-Report юридикалык жактан же формалдуу түрдө U-Report менен байланышта эмес.