Кыргызстандагы балдардын коопсуздугун камсыз кылуу

Жер титирөө – Кыргызстанда табият кырсыктарына байланышкан өзгөчө коркунучтуу тобокелдиктердин бири болуп эсептелинет.

Свен Г. Симонсен, Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин коомчулук менен байланыш боюнча адиси
Young students in red uniforms sitting at school desks
UNICEF Kyrgyzstan/2017/Sven G. Simonsen

29 Январь 2018

Жер титирөө – Кыргызстанда табият кырсыктарына байланышкан өзгөчө коркунучтуу тобокелдиктердин бири болуп саналат. Өлкөнүн түндүгүндөгү Талас облусунда орун алган Аманбаев айылындагы мектепте 1200 кыз-бала чукул кырдаалда куткаруучу операцияларды үйрөткөн окууларга катышууда. Бул окуулар ар кандай табигый кырсыктарга даяр турууга жардам берет.

“Өткөн жылы бир топ эле катуу жер титирөө болду”, - дейт Чыңгыз Айтматов атындагы мектептин директору Динара Нуралиева. “Бул окуя биз үчүн чоң сабак болду. Балдар да, улуулар да дүрбөлөңгө түшүп жатып калышты. Биз мектептен баарын чыгарып кете алдык, бирок бул талаптагыдай уюшкан нукта болгон жок”.

Кыргызстанда жер титирөө сейрек көрүнүш эмес. Өткөн жылы бул аймакта 13 жер титирөө катталган. Эгемендик алгандан бери Кыргызстанда күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөөлөр болуп келди.

ЮНИСЕФтин колдоосу менен өткөрүлгөн кеңири масштабдагы баалоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, Кыргызстандагы окуу жайлардын 85% структуралык коопсуздук жагынан алып караганда төмөн деңгээлде турат. Ошол себептен табият кырсыктарына даяр туруу балдардын коопсуздугун камсыз кылуунун кепили болот.

Өткөн жылдагы жер силкинүүдөн кийин Нуралиеванын жетекчилиги алдындагы мектепте табият кырсыктарына реакция жасоо боюнча комитеттер түзүлгөн. Алар чукул кырдаал маалында ким, эмне үчүн жооп берээрин аныкташат: ким белги берет, ким эвакуациялоо үчүн эшиктерди ачат ж.б. Комитеттердин курамына мугалимдер жана башка кызматкерлер гана эмес, ошондой эле окуучулар да кирет.

Биз балдарды эрте жашынан баштап эле чукул кырдаалдарга даярдоо боюнча машыгууларга жигердүү түрдө тартып турабыз”, -

-деп айтты Нуралиева.

Биз балдар менен күндүн аягында жолуктук. Алар ЮНИСЕФ жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмү демилгелеген чукул кырдаалдарда куткаруучу операцияларды үйрөнүү боюнча окууларга катышкан эле.

Жер титирөө маалындагы чукул кырдаалга окшош окуулардын жүрүшүндө кыз-балдар буга чейин теорияда үйрөнгөнүн практикада колдонушат.

Эми баарыбыз жер титирөө болсо, кандай иш-аракеттерди жасашыбыз керектигин жана ким биздин өмүрүбүздү сактап калаарын жакшы билип калдык,-

-дейт 12 жаштагы Аида.

“Бул баарыбыз үчүн кызык болду”,-

деп кошумчалады.

Атүгүл кенже класстын окуучулары да коопсуздук чаралары тууралуу маалыматка өтө олуттуу мамиле жасаганын айтат мугалимдердин бири Марина Сагазиева.

“Кечээ жумуштан келгенден кийин сегиз жаштагы жээним 74 жаштагы тайнесине жер титирөө болсо, эмне кылыш керектигин үйрөтүп жатканына күбө болдум. Ал: “жер титирөө болсо, ордуңуздан тура калып, бөлмөнүн бурчуна барышыңыз керек же столдун алдына жашына калыңыз”, - деп айтып  жаткан экен”, - деп күлдү Марина.

“Бул балдар ата-энеси эмес, мугалимдер айтканды көбүрөөк эстеп калаарын көрсөтүүдө”, - деди мектептин директору Нуралиева. Ал башында турган мектеп балдарды чукул кырдаалда жасалчу иш-аракеттерге окута баштады. Бирок теорияны практикада өздөштүрүү өзгөчө пайдалуу болуп калды.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү Евробиримдиктин табият кырсыктарын азайтуу боюнча Программасы (DIPECHO) менен акыркы алты жылдан бери иштеп келатат. DIPECHO Программасынын финансылык жардамы менен ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу боюнча колдоо көрсөттү. Мындай колдоонун алкагында билим берүү жана көңүл чордонунда балдар турган чөйрөлөрдө табият кырсыктарынын тобокелдигине талдоо жасалды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө ЮНИСЕФ DIPECHO Программасына узак мөөнөттүү максатта тартуу боюнча ишти улантып жатат. Бул максат – Кыргызстанда да, Борбор Азия менен Түштүк Кавказдын беш өлкөсүндө да жергиликтүү деңгээлде балдардын коопсуздугун камсыз кылган пландарды иштеп чыгуу.

UNICEF Kyrgyzstan has been working with DIPECHO – the Disaster Preparedness programme of the European Commission's Humanitarian Aid and Civil Protection department – for the last six years. The partnership was renewed earlier this year
Kyrgyzstan/2017/Sven G. Simonsen