ЖАРЫК, КАМЕРА, БАШТАДЫК!

Күжүрмөн мугалимдер Кыргызстандагы ар бир балага аралыктан окутууну жакындатып жатышат

ЮНИСЕФ
Аралыктан окутуу
ЮНИСЕФ/2020/Жоробаев
05 Май 2020

Бишкек, 2020-жылдын 5-майы. – Гүлсара Камчыбекова COVID-19га байланыштуу киргизилген карантиндин кезектеги күнүн штативдер, камералар шыкалган, жарык ар тараптан берилген, кызматкерлер ары-бери жүгүргөн студияда баштады. Орто мектепте физиканы окуткан 49 жаштагы мугалим сабактарды жаздыруу үчүн студияда жүрөт. Бул сабактар аралыктан билим алган окуучуларга жардам болсун деп, кийин телевидениеден көрсөтүлүп, интернет платформаларда жайгаштырылат. Гүлсара Кыргыз Республикасында аралыктан окутуу үчүн видео сабактарды даярдоого тартылган 200дөн ашык мугалимдин бири.

Бул – 27 жылдык иш тажрыйбасы бар, миңдеген окуучуларга билим берген Гүлсара үчүн сюрреалисттик учур. Себеби ал биринчи жолу камеранын алдында, окуучулар жок класста сабак өтүүдө.

COVID-19 маалында окутуу
 
COVID-19 дүйнө жүзүндө тез жайылып жаткан чакта бардык өлкөлөр вирус менен күрөштө буга чейин болуп көрбөгөндөй чараларды көрүшүүдө. Башка өлкөлөрдөй эле Кыргыз Республикасы да чек араларын жаап, эпидемиологиялык кырдаал оор райондордо өзгөчө абал жарыялап, өлкө боюнча карантин чараларын киргизди. Бул чаралардын натыйжасында өлкө боюнча 1,7 миллион бала билим алган 6 426 мектеп жана бала бакчалар жабылды.

Билим берүү программаларын улантып, окуу жылынын акыркы – төртүнчү чейрегин жыйынтыктоо үчүн КР Билим берүү жана илим министрлиги (БжИМ) Иш-аракеттердин Антикризистик планын даярдап чыгып, аралыктан окутууну киргизүүгө жана ишке ашырууга басым жасады. БмИМ артыкчылык берилген сабактарды аныктап, улуттук телеканалдар менен сүйлөшүп, видео сабактарды тартып, көрсөтүүнү макулдашты. Үч аптага созулган тартуу иштеринен кийин 8-апрелге чейин болжол менен 1 300 видео сабак даяр болгон. Бул сабактар түрдүү класстардын окуучулары жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн даярдалган.

Өтө аз убакыт берилгенине карабастан Гүлсара демилгеге кошулууга даяр болчу.

 

“Билим берүү министрлиги бул маселелерди чечиши керек эле жана биздин мектеп түрдүү предметтер боюнча видео сабактарды даярдоого жигердүү катышуу тапшырмасын алды, - дейт мугалим. – Көпчүлүк мугалимдер жардам берүүгө макул болду. Биз ушул учурда өзүбүздүн жоопкерчилигибизди баамдадык. Биздин класстарда 20-30 окуучуну окутсак, бул студияда өлкө боюнча миңдеген окуучуларга жетүүгө шарт түзүлдү”.

Remote learning
UNICEF/2020/Jorobaev
Gulsara Kamchybekova, physics teacher, teaches physics to school children of grade 10, using zoom conference connection during the quarantine related to COVID-19.

Аралыктан окутуунун негизги чакырыктары

БжИМ аралыктан окутуу иш-чараларын пландоодо бир нече кадамдарды жасады. Бул үчүн окуу жылынын акыркы чейрегине шайкеш келген видео сабактарды чукул арада тартуу иштерине жардам берүү үчүн өнүгүү боюнча өнөктөштөрдү мобилдештирди. Видео сабактарды даярдоого катышууга даяр экенин айткан мугалимдер бир топ кыйынчылыктарга туш болду. Биринчиден, логистика маселеси келип чыкты. Көпчүлүк мугалимдер республиканын ордо калаасы болгон Бишкектин алыскы райондорунда жана жаңы конуштарда жашашат. Карантиндин, өзгөчө абал режиминин жана транспорт каражаттарына киргизилген чектөөлөрдүн айынан алардын студияга келип-кеткени кыйынчылыктар менен коштолду. Билим берүү министрлиги мугалимдерди атайын уруксат кагазадары менен камсыз кылып, ташып жеткирүү үчүн транспорт уюштурду. Бул иште министрликке өнүгүү боюнча өнөктөштөр, анын ичинде ЮНИСЕФ колдоо көрсөттү.

Видео сабактарды даярдоо дагы бир чакырык болуп калды. Мугалимдер бейтааныш аймакка келип, өз сабактарынын режиссеру да, сценарийди жазуучу да болуп калышты.

“Бул башында жөнөкөй көрүнүшү мүмкүн. Бирок чындыгында мунун артында өтө көп даярдык иштери жатат, - дейт Гүлсара. – Ар бир 20 мүнөттүк видео сабак үчүн слайддарды даярдоого 5-6 саат кетет. Адатта сабак учурунда сен кайра-кайра кайталай аласың, окуучунун жанына келип, зарыл болсо түшүндүрүп бересиң, бирок бул студияда мындай варианттар мүмкүн болбойт. Мындан тышкары биздин темалар бардык окуучуларга түшүнүктүү болгонун билишибиз керек. Бул чоң стресс жана жоопкерчилик экен”.

Ошондой эле “камерага” сүйлөгөнгө, арт жагыңдагы жарык берчү хромакейге жана көзүңө чагылышкан катуу жарыкка да көнүү оңой болгон жок. “Сен көңүл чордонунда болуп калат экенсиң, студиядагы башка адамдарды көрүп турасың, алар сени карап күтүп турушат, ошол эле маалда оператор жана үн боюнча адис мага багыт берип, кайсы жерде турушум керектигин, кайсы жакты карап, эмнелерди айтышым керектигин кулагыма шыбырап турушат. Ушул маалда башка мугалимдер да өз кезегин күтүп турушат. Мен өтө тез сүйлөп жатамбы? Сабактарды өтө жөнөкөй же өтө татаал түшүндүрүп жатамбы? Үн калтырап чыгып жатабы же бир калыпта сүйлөп жатамбы? Мына ушул суроолордун туткунунда калат экенсиң”.

Гүлсара Бишкектеги №5 мектепте (учурда инновациялык технологиялык улуттук мектеп-лицейи) 1993-жылдан бери иштейт. Бизге сабактарды жаздырып жатканда башынан өткөргөн кыйынчылыктарды, уйкусуз түндөрдү, күзгүнүн алдына туруп алып даярданганын айтып берип жатканда да Гүлсара кесипкөй экенин тастыктап, үнү бир калыпта чыгып жатты. “Биз бир сабакты “чалынбай”, адашпай өткөрүүгө аракет кылышыбыз керек эле. Бул өтө оор болду”, - деп кошумчалады мугалим. Видео сабактарды чыгарууга катышкан мугалимдер, анын ичинде Гүлсара үйлөрүнө түнүндө кайтып жатышты. Үйүнө баргандан кийин да эртеңки сабакка даярданып, таң атпай студияга съемкага барыш керек.

 

Remote learning
ЮНИСЕФ/2020/Жоробаев

Ак дилден жана сыймык менен

Жумшалган күч-аракеттер акталды. 8-апрелде КР Өкмөтү өлкө боюнча аралыктан окутуу программаларын баштады. Гүлсарага окшоп кыска убакыт ичинде жүздөгөн мугалимдер WhatsApp, Zoom жана Google Classroom өңдүү тиркемелерди колдонгонду үйрөнүштү. Мугалимдер бул тиркемелер окуучуларды ар тараптан тартып, окуусун улантууга жардам бергенин көрүштү.

Гүлсара аралыктан окутуунун оң жана терс жактарын баамдап турат. Бир жагынан окуучулар сабакты канчалык түшунгөнүн көрө албайт. Адатта мугалим класста 20-30 окуучуну дайыма көзмөлдөп турчу. Мындан тышкары окутуунун ыргагы ар бир окуучу үчүн ар башкача болот. Экинчи жагынан аралыктан окутуунун артыкчылыктары да бар экен. Айталы, окуучу өз алдынчалуулукка үйрөнүп, маалыматты издеп, бул үчүн түрдүү аспаптарды жана булактарды колдонот.

“Окуунун бул түрү балдарды жоопкерчиликке үйрөтөт экен, - дейт Гүлсара.

– Бул мен үчүн маанилүү болгонун эми түшүндүм. Мен мугалиммин. Мен жалпы коомго жардам берип жатам жана бул жамааттык иш-аракеттердин бир бөлүгү болуп калдым. Бул мени шыктандырып, коркунуч сезимин унутуп, стрессти жеңүүгө жардам берди”

Teachers and remote learning
UNICEF/2020/Jorobaev
Gulsara Kamchybekova, physics teacher, during the recording of the physics lessons to be transmitted online via State TV stations of the Kyrgyz Republic, during the quarantine related to COVID-19.

Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагынын COVID-19 кризиси маалындагы жооп чаралары Өкмөттүн, өзгөчө Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги алдында ишке ашты. Өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн өз убагында жасалган колдоосу да чоң жардам болду.

ЮНИСЕФ Билим берүү жана илим министрлигине аралыктан окутуу методологиясын даярдап берүүгө, мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдар үчүн видео сабактарды даярдоого жардам берди. Бул видео сабактар учурда орус жана кыргыз тилдеринде көрсөтүлүп жатат. Сабактар өзбек жана тажик тилдеринде субтитрлер менен кетүүдө. Ошондой эле сурдокотормо да камтылган.

Бүгүнкү күндө аралыктан окутуу программасына республика боюнча 1.2 миллион бала тартылган. Азыркы учурда да кошумча сабактар даярдалууда. Бул глобалдык кризис көп тармактарда инновацияларды киргизүүгө түрттү. Ал аралыктан окутуунун мүмкүнчүлүктөрүн тездетип, телевидение жана онлайн платформалар аркылуу жигердүү окутууну күчөттү. Эң негизгиси – инновациялар Гүлсара өңдүү өз ишине берилген мугалимдерге өлкөдөгү миллиондогон адамдардын үйүнө баш багууга жол ачты.