Бишкекте социалдык нормага чакырык таштаган алгачкы TEDxYouth өттү

Үч жүздөн ашуун жаштар КТРК Коомдук каналы түз ободо көрсөткөн жана ЮНИСЕФ менен өнөктөштөрү уюштурган #TEDxYouthBishkek иш-чарасына катышты.

Мавлюда Джапарова
©UNICEF/Kyrgyzstan/2016/Sam Barataliev
ЮНИСЕФ

29 Январь 2018

Иш-чарага эки апта калганда ЮНИСЕФтин командасы #ЭлдинБалдары хэштеги алдында өнөктүк баштады. Ал бир нече сааттын ичинде “Фейсбук” жана “Инстаграм” социалдык тармактарында тез арада тарап кетти. Бул сөз өлкөдө социалдык норманын бир бөлүгү болуп саналат жана башкалардын балдарынын жакшы жүрүм-турумун көрсөтүү үчүн салыштыруу ирээтинде колдонулуп келет. Социалдык медианын колдонуучулары #ЭлдинБалдары деген хэштегди колдонуу менен ата-энеси аларды башкалардын балдары менен салыштырган балалыктагы жана азыр күндөгү эскерүүлөрү менен бөлүшүп жатышты. Мына ошондон кийин биз бул хэштег ЮНИСЕФ 70 жылдык мааракелик өнөктүктүн алкагында уюштурган TEDxYouth иш-чарасынын расмий аталышы болгонун жарыяладык.

Бардык TEDx’те негизгиси баяндамачылар болгондуктан, ЮНИСЕФ өнөктөштөрү менен аларды тандап алууга өзгөчө көңүл бурду. Ошентип, 11 баяндамачы аудиторияны шыктандырып, жаштарга дем берүүгө даяр эле. Алар мүмкүнчүлүгү чектелүү жаш активист Нургазы Жакшылыкбек уулу жана алдыңкы ЖМК – “Азаттыктын” журналисти Уланбек Эгизбаев; жаш сүрөтчү, президенттик кызы Алия Шагиева; жарым миллиондон ашуун жазылуучусу бар белгилүү видео-блогер Эльдана Сатыбалдиева; Антарктикада болуп келген кыргыз студент Талгат Субаналиев; ЮНИСЕФтин суу менен жабдуу, гигиена жана санитария маселелери боюнча адиси Эсен Турсусбеков жана башкалар.

Баяндамачылардын темалары жана тизмеси ушунчалык интригалуу болгондуктан баасы 100 сом (1,5 долларга жакын) болгон жана алыскы райондордон келген жаштардын жол чыгашаларын жапкан билеттин баары иш-чара башталганга чейин эле сатылып кетти.

 

ЮНИСЕФтин демилгелери

TEDxYouth@Bishkek парламент жана КТРК Улуттук радиоберүүчү телекомпаниядан баштап, билет сатып, бул иш-чара тууралуу маалымат берген кофеканаларга чейинки өнөктөштөрдүн кеңири чөйрөсүнүн көңүлүн өзүнө бурду. Кыргызстандын парламенти ЮНИСЕФтин бул демилгесин колдоого алып, TEDxYouth иш-чарасын уюштурууга жардам берди. Улуттук телекомпания студиясын берип, беш саатка созулган иш-чараны түз ободо акысыз көрсөттү. Мындан тышкары баяндамачылардын чыгып сүйлөөлөрү жазылып алынып, өлкөнүн булуң-бурчунда көрсөтүлгөн улуттук каналдан кайрадан берилди.

Ошентип 4-июнда парламент депутаты Жанар Акаев, билим берүү министри Эльвира Сариева, Улуу Британия Элчилигинин Борбор Азиядагы жаңжалдар бюнча регионалдык кеңешчиси Джейми Брокбанк жана ЮНИСЕФтин өкүлү Юкиэ Мокуо Бишкекте TEDxYouth иш-чарасын ачышты.

TEDxYouth Улуу Британиянын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу алдында ишке ашырылган ЮНИСЕФтин стажировкалар боюнча Улуттук программасынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болду. Бул демилге жаштар үчүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча Өкмөттүн колдоо каражатын жана бюджетин колдонгон. Натыйжалуу диалог, ийгиликтүү иш улантуучулук, лидерлик, Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле Жаштар иштери боюнча мамагенттик тарабынан мобилизациялоодон кийин стажировкалар программасы эми окуучулардын кесиптик багыт алуусу үчүн Өкмөттүн планынын бир бөлүгү болуп эсептелинет жана өлкөдөгү 100 пилоттук мектепте киргизилип жатат. Ошондой эле программа Нарын облусунда кеңейтилип, мамлекеттик бюджет менен бекитилген.

“Көп жылдардан бери Улуу Британиянын Бишкектеги Элчилиги Кыргызстандагы балдарга жана жаштарга жардам берип келет.

Биз ЮНИСЕФти жана анын стажировкалар программасынын алкагындагы ишин кош колдоп бердик. Жеке өзүм тууралуу айта турган болсом, жаш кезимде үч стажировкадан өткөм: жеке компания, Британ Парламенти жана Америка Парламенти. Ошондо үйрөнгөнүмдү сиздер менен да бөлүшкүм келет. Баарынан да эмнени жасаган жагаарын билип алыңыз жана бул үчүн сизге акча төлөй тургандарды табыңыз” – мен силерди ушуга чакырам”, - деп айтты Улуу Британиянын Элчилигинин өкүлү Джейми Брокбанк.

Көрүүчүлөр Нургазы менен Уланбекти жылуу тосуп алышты. Нургазынын мектепке жолу узак жана татаал болчу. Майыптар үчүн арабага байланган Нургазыны классташтары мектепке жеткирчү – бул үчүн алар тоолуу кыштактагы талкаланган жолдор менен арабаны түртүп барышчу. Нургазы квадроцикл тууралуу кыялданчу – бул кыялы орундалды. “Азаттык” радиосунун журналисти Уланбек Эгизбаев тарткан майыптуулук жана билимге болгон арзуу тилек тууралуу бул окуя Webby премиясын алды. Экөө байгени алуу үчүн Нью-Йоркко да барып келишти. Эми Нургазы бардык тоскоолдуктар артта калды деп эсептейт жана Уланбек экөө кыялга умтулуп, ар бир адамдын толук дараметин ачып берүү үчүн күрөшмөй болушту.

“Биз ар бир адам өз дараметин ача ала турган инклюзивдүү коом түптөөгө үндөйбүз. Биз бул жерге чечим кабыл алуу менен балдардын жана жаштардын үнү жөн гана айтылып кала бербестен, башкаларды угуп, шыктандыруу үчүн чогулдук”, - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо.

Дагы бир баяндамачы Алия Шагиева интуитивдүү сүрөт тартууну арт-терапия катары көрсөтүп берди. Ал сахнада сүрөт тартып, аудиторияны искусство аркылуу өзүнүн ички туюмун укканды үйрөттү. Белгилүү видео блогер Эльдана Сатыбалдиева жаштарды өз жолун таап, өзүн башкалар менен салыштырбай, башкаларга баа бербей, кандай болсо, ошол бойдон калууга үндөдү.

Иш-чара башталганда эле социалдык тармактардын колдонуучулары #TedxYouthBishkek хэштегин колдонуу менен болуп жаткан окуяларды активдүү баяндап жатышты. Алар баяндамачылардын айткандарын социалдык тармактарга чыгарып, талкууга алып жатышты. ЮНИСЕФтин суу менен жабдуу, санитария жана гигиена боюнча адиси Эсен Турусбеков келтирген үрөй учурган фактылар интернет колдонуучулардын чоң кызыгуусун жаратты. Адис ар бир адамдын колунда 10 миллиондой бактерия жашай турганын билдирген. Күндүн соңунда #TedxYouthBishkek хэштеги “Твиттерде” эң көп окулган тизмеге чыгып, миллиондон ашуун (1,070,694) онлайн аудиторияны чогултту.

TEDxYouth иш-чарасынын ар бир баяндамачысы башкаларды кандай болсо ошол бойдон калып, адамды бактылуу кылган өзүнүн уникалдуу жолун табууга үндөп жатышты. “Өзүңдү башка балдар жана жаштар менен салыштыруунун кажети жок, өзүңөрдүн индивидуалдыгыңарды баалагыла” – иш-чаранын башынан аягына чейин ураан ушундай болду.

Кеңири чагылдырылган TEDxYouth соңуна чыкканда ЮНИСЕФтин Фейсбуктагы баракчасында сүрөттөрдүн альбому түзүлүп, анда колдонуучулардын бири “Бизде кийинки TEDxYouth качан болот?” деген пикирин таштаган.

ЮНИСЕФ Кыргызстан/2016/С. Бараталиев
ЮНИСЕФ
Парламент депутаты Жанар Акаев, билим берүү министри Эльвира Сариева, Улуу Британия Элчилигинин Борбор Азиядагы жаңжалдар бюнча регионалдык кеңешчиси Джейми Брокбанк жана ЮНИСЕФтин өкүлү Юкиэ Мокуо