Баланын өмүрүн сактап калуу үчүн Кыргызстанда райондук стационарлар кайра түзүлүп жатат
Кара-Суудагы чакан оорукананын чоң ийгиликтери тууралуу баян.
“Сиз көргөн бала...”, - дарыгер Шавкат Тажибаев жаңы эле бизге көрсөтүп чыккан реанимация бөлүмү жакка баш ийкеди, - бул үч жыл мурда болгондуктан мынчалык узакка жашай алмак эмес. Эми бала эс алып, дем алып калды. Ал сакая баштады деп айта алабыз”.
Педиатр-реаниматолог Шавкат Тажибаев Кыргызстандын Ош облусунда жайгашкан Кара-Суудагы Балдардын аймактык ооруканасында иштейт. Бул оорукана өзбек тектүүлөр басымдуулук кылган калкты тейлейт. Кара-Суу 2010-жылы Кыргызстанда орун алган этнос аралык жаңжалдарда өзгөчо жабыркаган райондордун бири.
Доктор Тажибаев жеке окуясы менен бөлүштү. Бул ошондой эле кыска убакыт аралыгында өлкө боюнча оор абалдагы балдарга кам көрүү кантип оңолгону тууралуу дагы окуя.
Башы драмалуу болгон
Окуя абдан драмалуу башталган эле. 2013-жылы жаз күндөрүнүн биринде доктор Тажибаев нөөмөттө турганда ичи өтүп жаткан төрт айлык оорулуу бала комага түшүп калган. Оорукананын дарыгерлеринде балага жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес жана машине менен 20 мүнөттө бара турган облустук ооруканага жеткире алышкан эмес.

“Баланын өмүрү кылдын учунда калды. Бирок биз ага байкоо салгандан башка эч нерсе кыла алган эмеспиз”, - деп түшүндүрдү дарыгер.
Анткен менен ошол күнү Бишкектен ЮНИСЕФ менен Саламаттык сактоо министрлигинин атынан эки дарыгер бул ооруканага келишкен эле. Алар облустук оорукана менен байланышып, толугу менен жабдууланган тез жардам машинеси баланы алып кетишин талап кылышты. Тез жардам келип, бала Ошко которулду.
“Биз эртеси күнү баланын абалын билели деп барсак, ал өзүнө келип, күлүп жаткан экен”,
- дейт ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Чолпон Иманалиева.
Бирок кийинки күнү болгон окуя чоң бир окуянын башталышы гана болду. Бул инцидент ооруканада бир катар кемчиликтер бар экенин, алар оор абалдагы балдардын дарылануусуна таасирин тийгизип жатканы жана жыл сайын алдын алууга мүмкүн болгон көптөгөн өлүм менен аяктап жатканы маалым болду.
Кара-Сууда жакынкы мезгилге чейин кырдаал “абдан начар” болчу дейт ооруканада жети жылдан бери иштеп келаткан доктор Гүлмира Калбаева.
“Өлүм деңгээли өтө жогору болчу. Жыл сайын биздин ооруканада 40-43 бала каза тапчу. Жыйырмадан ашууну пневмониядан көз жумчу”.
ЮНИСЕФтин демилгелери
Мунун себеби да көп эле: жабдуулардын жетишсиздиги, тренингдердин жоктугу, туура эмес процедуралар жана ооруканалар ортосунда кызматташтыктын начардыгы. Ушул ар бир көйгөйдү чечүүгө ЮНИСЕФтин Жапония өкмөтү каржылаган демилгелери багытталды.

Бул демилге түрдүү чукул кырдаалдарга дарыгерлер кандай реакция жасашы керектигин көрсөткөн, бекитилген стандарттардын жоктугун көрсөттү. Кээде мунун кесепеттери да жаман болчу:
“Кээде башаламандык болчу. Кызматкерлер бири-бирин түшүнчү эмес, ар бир дарыгердин өзүнүн дарылоо ыкмасы бар да”, - дейт доктор Тажибаев.
ЮНИСЕФ Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте эң кеңири жайылган төрт кырдаалда балдарды реанимациялоо боюнча алгачкы улуттук стандарттарды иштеп чыгууга багытталган процессти демилгеледи жана жакында эле ал жактырылган.
“Стандарттар так механизмдерди камсыздайт, бул биздин убактыбызды үнөмдөйт. Иш жүзүндө бизде азыр реанимацияда жаткан балдардын саны мурдагыга караганда эки эсе аз, себеби биз ар бир учурга адекваттуу реакция жасай баштадык”,
дейт доктор Тажибаев.
Командада иштегенге үйрөнүү
Ошол эле маалда ЮНИСЕФ өлкө боюнча ооруканаларда балдар реаниматологдорун жана башка медициналык кызматкерлерди даярдоо боюнча кеңири масштабдагы программаны баштады. 2015-жылы ЮНИСЕФ Литвадан адистер тобун алып келди. Алар бардык балдар реаниматологдорду өмүр сактап калуу боюнча PALS алдыңкы программага окутушту.
Өлкө боюнча өткөн PALS программасы боюнча окуулар реаниматологдордун ишинин натыйжалуулугу окуудан өтпөгөндөргө караганда 30 пайызга жогору болгонун көрсөттү.
Адамдын өмүрүн сактап калуу боюнча программа жакында педиатриялык багыт боюнча аспирантура үчүн улуттук окуу программасынын бир бөлүгү болуп калды.
Кара-Суудагы бардык медициналык кызматкерлер квалификацияны жогорулатуу үчүн түрдүү тренингдердин өтүштү:
“ЮНИСЕФ өткөргөн тренингдер бизге жагат”, - дейт доктор Калбаева. “Тренингдер практикага негизделген жана алардан кийин жаңы өздөштүрүлгөн көндүмдөр кантип колдонулуп жатканын көрүү үчүн куратордук текшерүүлөр жүргүзүлөт”.

“Дарыгерлер медайымдар менен кошо командалык ишке үйрөнүп жатканы окуунун маанилүү өңүтү болуп саналат”, - дейт доктор Тажибаев. “Мурда медайымдар чукул кырдаалда балага жардам бере алчу эмес; алар коркуп, эмне кылаарын билбей калышчу. Азыр дарыгер жок болсо да алар чара көрө башташат”.
Мыкты жабдуу, зарыл болгондо башка ооруканага жиберүү
Адекваттуу кийгилигишүүлөр да натыйжалуу жабдуулардын жардамы менен мүмкүн болуп жатат. Буга чейин реанимациялык бөлүмдөрдө иштеген жабдуу дээрлик жок болчу. Эми бул жерде үч керебет бар, алардын ар бири дем алууну камсыз кыла турган аппараттар менен жабдылган. Кара-Суу ЮНИСЕФтен өпкөнүн жасалма вентиляциясы үчүн аппарат алган өлкөдөгү 34 оорукананын бир. Бул аппарат балдарга интрузивдик эмес ыкма менен дем алууга жардам берет.

Мындан тышкары ЮНИСЕФ оор абалдагы балдарды башка ооруканага жеткирүү боюнча стандарттарды даярдоого да катышты. Мунун натыйжасында оор абалдагы бала жакшы жабдылган Тез жардам машинесинде ири ооруканага чукул арада жеткирилет.
Болгону үч жыл мурда эле жыл сайын 15-20 бала Кара-Суудан Оштогу облустук ооруканага такси менен жеткирип баратканда жолдо каза тапчу. 2013-жылы жергиликтүү медициналык борборлордон Ошко жиберилген 27 баланын ичинен жолдо же ооруканага жаткыргандан кийинки алгачкы үч саатта 19 адам көз жумган. Бүгүн Тез жардам машинелери болуп, рефералдык система иштегендиктен мындай кайгылуу окуя жылына бир гана жолу болушу мүмкүн.
“Мен түнкүсүн жакшы уктап калдым”
Кара-Суудагы оорукананын өзүндө өлүм деңгээли да бир кыйла азайды: 6-7 жыл мурда жыл сайын 20-25 бала пневмониядан көз жумса, 2015-жылы бешке, 2016-жылы экиге түштү.
Сөзүбүздүн башында доктор Тажибаев айткан бала пневмониянын оор түрү менен ооруйт. Азыр абалы жакшы. Бир нече жыл мурда мындай болмок эмес.
Бул өзгөрүүлөр жеке өзү үчүн эмнени билдирет деген суроого Тажибаев буларды айтты:
“Мурда бала көз жумганда мен анын өмүрүн сактай албай калганыма абдан кыжаалат болчумун. Бул абдан оор сезим, муну менен жашоо кыйын”, - дейт ал.
“Эми мен түнкүсүн жакшы уктап калдым”.